Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

«Менин өлкөм» партиясынын курултайы болду


БИШКЕК. 21-майда «Менин өлкөм» партиясынын бешинчи курултайы болду. Курултайда өлкөдөгү кырдаал талкууланып, бирок партия президенттик шайлоого өз талапкерин чыгарбашы айкын болду. «Менин өлкөм» партиясы курултайда Кыргызстан эли колдоп жаткан Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун биригүүсүн жактаарын жарыялады. Партиянын лидери болуп Жоомарт Оторбаев кайра шайланып, ал эми 24-марттагы окуя ыңкылап эмес, саясий окуя катары бааланды. «Менин өлкөм» партиясы 1998-жылдан бери иштеп келатат жана анын катарында 8 миң мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG