Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Бекназаров талапкерликтен баш тартты


БИШКЕК. «Асаба» партиясынын лидери, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого талапкер катары катышпай тургандыгын 21-майда Кыргызстан элдик кыймылынын курултайында билдирди. Бекназаров талапкерлигин көрсөткөн «Асаба» партиясына, атуулдарга ыраазылык билдирип, өзү Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоорун жарыялады. Бекназаров ошондой эле мамлекеттик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары жана «Асаба» партиясынын жетекчисинин милдетин аткарууну токтотоорун да белгиледи. Ал эми «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев 24-марттагы ыңкылап жыйналыш, сөз эркиндигин алып келгенин айтуу менен, эми экономиканы көтөрүү зарылдыгына токтолду.

XS
SM
MD
LG