Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Тил комиссиясынын кезектеги сынагы өттү


БИШКЕК. 21-майда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев жана өлкөнүн Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президенттикке талапкерлер катары мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырышты. Комиссия мүчөлөрү эки талапкер тең мамлекеттик тилди билет деген чечимин чыгарышты. Шайлоо кодексине ылайык президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо тартиби мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү. Тил сынагын тапшыруунун алкагында программасын тааныштырган Курманбек Бакиев Кыргызстанда премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл деген пикирин айтты. Ошондой эле ал бийлик бутактарынын ортосунда теңсалмактуулук болушу керек деп билдирди. Экономика боюнча пикирин айткан талапкер Бакиев салыктар өндүрүштү колдоого багытталыш керек деди. Андан кийин тил сынагын тапшырган талапкер Турсунбай Бакир уулу премьер-министрдин кызматын жоюп, президент аткаруу бийлигинин башына келиш керек деген оюн айтты. Турсунбай Бакир уулунун пикиринде бийлик башына эгер динге ишенген адам келсе Кыргызстанда өнүгүү болмок. Мамлекеттик тил боюнча кезектеги сынак 28-майда өтөөрү болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG