Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

КЭКтин курултайы болду


БИШКЕК. 21-майда Бишкектеги Улуттук кыргыз драма театрында Кыргызстан элдик кыймылынын экинчи курултайы болду. Ага өлкөнүн аймактарынан 815 делегат катышты. Курултайда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууланып, элдик кыймыл атынан президенттик шайлоого талапкер катары Курманбек Бакиев көрсөтүлүп, ал делегаттардын толук колдоосун алды. Өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча Элдик кыймылдын төрагасынын орун басары Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, негизги максат алдыдагы президенттик шайлоону акыйкат, таза өткөрүп, эл үчүн реформа жасоо экендигин билдирди. Жарыш сөзгө чыккан делегаттар Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун биригүүсүн колдоп, аларды жаңы Кыргызстанды курууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG