Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

БАРСКООН КЫРСЫГЫНА ЖЕТИ ЖЫЛ


Бекташ Шамшиев, Барскоон 20-майда Барскоондо Барскоон кырсыгынын жети жылдыгын эскерүү жыйыны өтүп, анда өкмөткө кайрылуу кабыл алынды. Жыйында айылдын эли жети жыл мурдагы кырсыктын залдарын тартып жатканы, тиешелүү жардамдар көрсөтүлбөгөнү айтылды.

20-майда Барскоон айылында мындан жети жыл мурда өткөн кырсыкты эскерүүгө арналган элдик жыйын белгилүү кинорежиссер Замир Эралиевдин “Алтын кырсыгы” кинотасмасын көрсөтүү менен башталды. Ага Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев, бир топ саясий уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ошол иш жыйындын негизги максаты тууралуу “Карек” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева мындай пикирин билдирди:

- Бул жыйында төрт жүзгө жакын киши катышты. Бул форумду “Сорос” фондусу колдоду. Бул жыйындын максаты кайрылуу болду. Биринчиден, 1998-99 жылдары мурунку президентибиз Аскар Акаевдин келип төлөп берем деген компенсациясын төлөтүүгө кайрылуу жазыш керек өкмөттөргө. Экинчиден, Барскоондун моралдык материалдык зыян келтирүүсүн Кумтөрдөн төлөтүү жана ошондой эле Хаменюкту сотко берүү керек деп чечип атышат жыйындын катышуучулары.

Ал эми “Алтын тамыр” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Догдурбек Атагелдиев ошол кырсыктын зыянын тартып келатканына токтолду:

- 1998-жылы ошол суунун башында туруп биринчи ууланган менмин. Үй-бүлөм менен короодогу бак-дарактарды сугаргамын. Ошондон баштап Бишкекте реанимацияда жаттым. Бир жыл догдурдан чыккан жокмун. Ошондон бери “Кумтөр” келип жардам берген жок. Дастан Сарыгулов менен бир жарым саат депутат болуп турган кезинде сүйлөшкөм. Болгон жардамдарды беребиз дешкен, берген жок. Мени ошол кездерде интервью бербейсиң деп жанымда прокуратурадан, коопсуздук комитетинен кишитлер жүрүп алган. Ошодо Хаменюк, Акаев баштап догдурга келип, ушундай шарт болуп калыптыр, акырындык менен бүтүрөлү деп айткан эле.

Барскоон айылынын жашоочусу Султан Осмоналиев болсо кыйла жылдардан бери адилеттик издеп, бирок андай адилеттикке жете албай келатат:

- Биздин Барскоондо күнүнө эки-үч же жумасына жети-сегизден киши каза болуп атат. Диагноз борбору иштебейт. Бизде жакыр үй-бүлөлөр бар, алар шаарга жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок, көрүнө албай оорусун күчөп кетүүдө. Оорусу күчөгөндөн кийин анын тагдыры эмне болоору белгилүү да.

Барскоон айылында өткөн жыйындын катышуучулары атайын өкмөттүк комиссия түзүп, ал комиссия кырсыктын кесепетин, анын элге алып келген зыянын дагы тактап, ал эми ошого күнөөлү делген кызмат адамдарын сот жообуна тартуу жөнүндө өздөрүнүн чечимин кабыл алышты. Ошондой эле чечимди жаңы кыргыз бийлигине жеткирүү жагы да каралды.
XS
SM
MD
LG