Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

АНЖИЯНДА БЕЛГИСИЗ МҮРЗӨЛӨР ПАЙДА БОЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Анжиян окуяларына эл аралык тергөө жүргүзүүгө өзбек жетекчилиги каршы чыкты, Кыргызстанга качкан өзбек тургундары мекенине кайтууну каалабайт, Кара-Суу шаарынын өзбек бөлүгүндө жаңы митинг болуп өттү, ал эми Анжияндын алдында белгисиз жаңы мүрзөлөр пайда болду.

13-май күнү Анжияндагы демонстрацияга өкмөтүк күчтөр тарабынан ок атылгандан кийин Кыргызстандын Жалалабад дубанына качып, азыр Сузак районундагы убактылуу жайда жашагандардын көпчүлүгү мекенине кайтууну каалабайт жана кыргыз өкмөтүнө кайрылып, качкын макамын берүүнү сурап жатат. 20-май күнү алар Бириккен Улуттардын Баш катчысы Кофи Аннанга кат жазып, качкындарды уюмдун коргоосуна алууну суранды.

Чатыр айылда беш жүздөн ашык адам жашайт, алардын арасында - Анжиянда соттолгон 23 ишкердин бешөө бар. Алардын бири Шамсутдин Атаматовдун айтымында, ал кийим тигүүчү чакан ишкана ачкан жана жыйырмадан ашык адамга айлык төлөп иштетип жатканда өзбек бийлиги аны башкалардын арасында былтыр жайында камакка алып, диний экстремизмден күнөөлөгөн. Үстүбүздөгү жылдын февралында 23 андай ишкерге каршы сот башталган жана өкүм май айында чыкмак, бирок алардын күнөөсүз экенине ишенген эл май айынын башында Анжиянда митинг баштаган.

Америкалык "Ассошиейтед пресс" агенттигинин кабарчысы менен маектешкенде Атаматов абактан кантип бошотулганын айтып берди. 12-май күнү түн ортосуна жакын ал он-чакты ок атууну уккан жана андан көп өтпөй, кимдир бирөө эшикти ачып, абакта отургандар мындан ары бош экенин айткан. Атаматов менен кошо бир бөлмөдө отурган башка 11 адам дагы бошогон.

Сыртка чыкканда ал эл менен кошо шаардын борбордук аянтына келип, бийликке каршы өтүп жаткан митингге кошулган, бирок аларды өкмөттүк аскерлер курчап, 13-май күнү эртең менен биринчи ок атканда он-чакты адам өлгөн. Андан соң түшкө маал экинчи ок атылган, андан он бешке жакын адам набыт кеткен. Бир беш жашар бала көчөдө чуркап баратканда, аскерлер аны атып өлтүрүп салган, аны көздөй энеси чуркаганда, аны да атып салышкан. Эки саат өткөндөн кийин митингге үчүнчү жолу ок атылган, андан алда канча көп адам өлгөн жана Атаматов эл менен кошо качып, түнү бою жүрүп отуруп кыргыз чек арасына жеткенде, ал жерде күтүп турган аскерлер элге дагы бир жолу ок жаадырган. Көптөгөн кыйынчылыктардан кийин алар чек арадан өтүп, азыр Сузак районундагы айылда баш калкалады, Атаматовдун энеси жана беш баласы Анжиянда калды.

Ташкендин айтымында, козголоң уюштургандын баары кылмышкерлер, ок атышуу учурунда бир да күнөөсүз адам өлгөн жок жана бардыгы болуп 169 адам курман болгон. Андан тышкары кыргыз бийлиги өзбек тарапка кармалган 17 адамды жана 73 автомат кайтарып берди, бирок Кыргызстандын Чек ара кызматынын айтымында, кармалгандардын жанында курал табылган эмес. Качкындар айылында жашагандардын Өзбекстанга кайткысы жок, анткени алар дароо куугунтукка дуушар болот. Чек арадагы Карасуу шаарында өзбек бийлиги бир нече адамды камакка алгандыктан, аларды бошотуу талабы менен 20-21-май күндөрү Карасууда жаңы митингдер болуп өттү.

Укук коргоочулар жана өзбек оппозициясынын айтымында, өлгөндөрдүн саны миңден ашык болушу мүмкүн, Анжияндын чет жакасындагы мүрзөгө болсо аскерлер улам жаңы адамдардын денелерин алып келип көмүп жатат. Британиялык "Ройтерс" агенттигинин кабарчысынын айтымында, ал өз көзү менен жыйырмага жакын андай жаңы мүрзөнү көрдү, бирок бийлик аны мүрзөгө жакын жолотпой койду.

Эл аралык тергөө өткөрүүгө президент Ислам Каримов каршы чыкты жана Британиянын Эл аралык маселелер боюнча институтунун эксперти Жеймс Никсинин айтымында, аны түшүнсө болот, анткени көз карандысыз тергөө жүргүзүлсө, бийликтин күнөөсү ачыкка чыгат:

- Өзбек бийлигинин бул чечимине таң калбай эле койсо болот, биз эч качан ал көз карандысыз тергөөгө макул болот деп күткөн эмеспиз, анткени андай иликтөө жүргүзүлсө, канчалык көп адам өлгөнү ачыкка чыгып, өзбек режиминин айыбы ашкереленмек.
XS
SM
MD
LG