Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Британиянын гезити Саддамдын дагы бир нече сүрөтүн чыгарды


Бүгүн Британиянын «The Sun» гезити Ирактын экс-президенти Саддам Хусейиндин дагы бир нече сүрөтүн чыгарды. Кечээ жана бүгүн чыгарылган сүрөттөрдүн биринде Саддам ич кийимчен көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге эле гезит Саддамдын түрмөдө олтурган дагы бир нече өкмөт төбөлүнүн сүрөттөрүн жарыялаган. «The Sun» гезити сүрөттөрдү АКШлык аскердик булактардан алганын айтып, сүрөттөрдүн басылып чыгышын актап чыккан.

Бирок АКШнын аскердик өкүлдөрү бул окуяга байланыштуу иликтөө башталганын билдирди. АКШнын аскерлери Саддамды Иракта жашыруун жерде жайгашкан түрмөдө кармап турушат. Саддам бир катар айыптар менен сот жообуна тартылмакчы.

XS
SM
MD
LG