Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин нотасы учурда тиешелүү мекемелер тарабынан иликтенип жатат. Ушундай маалымат берген Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү кыргыз-өзбек чегарасындагы жагдайды сүйлөшүү аркылуу гана чечүү керек деп эсептешүүдө.

Өзбекстан нотасында чегарадагы кырдаал Кыргызстан тарабынан көзөмөлгө алынбай жатат деген доомат коюлуп, күтүүсүз окуяларга жол бербөө үчүн кыргыз тарапты чегараны бекемдөөгө чакырган.

Кыргыз чегара кызматы болсо чегарада туруктуу абалды сактоо үчүн бардык аракеттерди жасап жаткандыгын белгилөөдө. Маселен, тармактын маалымат катчысынын билдиргенине караганда, Кыргызстанга өткөрүүнү талап кылган өзбекстандык жарандардын Карасуудагы (Өзбекстан) жума күнкү нааразылык чаралары чегараны дагы бекемдөөнү шарттады:

- Азырынча чегара күчөтүлгөн калыбында турат. Биз кошумча күзөттөрдү коюп, дагы күчөттүк. Бирок, адамдарды чегара аркылуу жөнөкөйлөшкөн тартипте өткөрүп жатабыз. Башкача айтканда, кыргыз-өзбек чегара аймактарынын тургундары ары-бери өтүп атышат. Албетте, курал, баңгизат өңдүү тыюу салынган буюмдар барбы-жокпу – булар тыкыр текшерилүүдө.

Пресс-катчы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, Кыргызстан тарапка качып келгендердин, мыйзамсыз жол менен өтүү аракетин жасагандардын арасында курал бар экендигин чегара кызматы аныктаган жок.

Ал эми Өзбекстандын президенти Ислам Каримов буга чейин качкындардан алынган куралдарды кыргыз бийлиги өзбек тарапка өткөрүп бергендигин маалымдаган. Ошондой эле Каримов Анжиян окуясына катышкан куралчандар Кыргызстанда даярдалгандыгы, алардын арасында кыргыз улутундагылар да бар экендиги, Кыргызстанга ооп келген өзбекстандыктар качкындар катары саналбастыгы өңдүү билдирүүлөрдү байма-бай жасоодо.

Айрым талдоочулар буга чейин чегара жаатында талаш-тартышы бар эки коңшу мамлекеттин мамилеси ооп келген өзбекстандык жарандарга байланыштуу дагы татаалдашып кетиши ыктымал деп болжоп жатышат. Маселен, саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, бул жарандарды эми Өзбекстан өз каалоосу боюнча же кандайдыр бир айып тагылган шартта гана кайтара алат. Ал эми Кыргызстан Өзбекстанбы же башка мамлекетпи, баш калка сурагандардын баарын кабыл алууга эл аралык уюмдардын алдында милдеттүү:

- Өзбекстан талап кылабы-кылбайбы, бизде аларды түртүп чыгарууга жол жок. Өзбекстандын бизге коюп аткан талабы мамлекеттик көз караштан алганда, балким, туурадыр. Бирок Эл аралык конвенциянын, анын ичинде Женева Конвенциясынын негизинде биз өзүбүздүн колубузду бууп койгонбуз.

Анткен менен президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Тажикстанда Өзбекстандан качып келгендер жагдай тынчыгандан кийин мекенине кайтышы керек деп белгилеген.

Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун айтымында, Анжиян окуясына байланыштуу пайда болгон маселенин бардык өңүттөрүн эки өлкөнүн атайын кызматтары биргелешип иликтеп жатышат. Бул маселелерди Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги да иликтөөдө:

- Ушундай курч жагдай болуп турганда эң жаманы – бири бирибизди күнөөлөшүбүз. Биз ким күнөөлү, кимдин күнөөсү жок экенин кийин териштиребиз. Азыр биздин башкы милдет - кырдаалды курчутпоо, биз тарапка ооп кетишине жол бербөө. Эгер биз азыр уруша баштасак , иштиктүү деңгээлде сүйлөшө албай калабыз.

Кыргыз-өзбек мамилесинин Анжиян окуясына байланышкан өңүтү тууралуу көз карашын кыргыз бийлиги дүйшөмбү күнү жарыялаары болжолдонууда.

Сүрөттө: Карасуудагы кыргыз чек ара бекетинен бир көрүнүш
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG