Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

МОНГОЛИЯ ЖАҢЫ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫН АНЫКТАЙТ


Бүгүн (жекшембиде) Монголияда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгы дүйшөмбү күнү белгилүү болоору күтүлүүдө. Президенттик кызмат үчүн атаандашып жаткан төрт кишинин бирөө да 50 пайыз добуш албай турган болсо, анда алдыга озуп чыккан эки талапкер экинчи айлампада ат салышат.

Монголияда президенттик кызмат ыйгарымы Кыргызстандагы президенттикинен алда канча аз, монгол президенти көбүнесе мамлекет башчысы катары салтанаттуу жөрөлгөлөр менен чектелип, өлкөнүн күнүмдүк социалдык-экономикалык жана саясий турмушу өкмөт башчы тарабынан башкарылат.

Ички Азиядагы бул пост-коммунисттик өлкө кыйла демократиялык реформаларды жүргүзө алгандыгы менен Борбордук Азиядагы «-стандардан» айырмаланып турат.

Монголия калкы Борбордук Азия окуяларына астейдил мамиле жасап келет. Кыргызстанда 24-мартта элдик ыңкылап жеңгени тууралуу кабар жеткен соң, эртеси күнү эле Улаан-Баатарда кыргыз демократиялык күчтөрүн колдогон демонстрация өткөрүлгөнү да эсте.

Быйылкы президенттик шайлоо өлкөдө калыс өтөт ко деген ишеним калайыкта күч.

Соңку иликтөөлөр көрсөткөндөй, ат салышып жаткан төрт талапкердин ичинен мурдагы премьер-министр Намбарийн Энхбайар шайлоочулардын көпчүлүгүнүн ишенимине татышы ыктымалдан алыс эмес.

Жекшемби күнү Намбарийн Энхбайар добуш берген соң, кабарчылар үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо мыйзам жолунда өтөт ко деген ишеничин билдирди:

- Шайлоо эркин жана адилет өтөт ко деп үмүттөнөм. Менимче, шайлоочулар жакшы катышып беришет го, шайлоо дурус өтөт ко.

Намбарийн Энхбайар мурдагы марксисттик партиянын – Монгол Элдик-ыңкылапчыл партиясынын өкүлү.

Анын атаандаштарынын бири – Атамекен Жаңы Социал-демократиялык партиясынын өкүлү Бадарчийн Эрдэнэбат. Андан тышкары демократтардын өкүлү, депутат Мендсайхан Энхсайхан жана бир кашмирдик ири магнат талапкер катары катышууда.

Монгол шайлоочуларынын бири, улаан-баатарлык Худербаатар мырза «Ройтерс» агенттигинин кабарчысына шайлоодо өзү колдогон талапкер тууралуу мындай деп айтты:

- Мен Энхбайар үчүн добуш берем, анткени ал экономика тармагында дурус таалим алган. Анын үстүнө ал менчиктештирүү жаатындагы реформага да элибиздин атынан жакшы салым кошту.

Албетте, ар талапкер өзүнүн жеңишине үмүткөр деңизчи.

Атамекен Жаңы Социал-демократиялык партиясынын өкүлү Бадарчийн Эрдэнэбат болсо шайлоо комиссияларына добуш берүү жараянына кылдат мамиле жасоо чакырыгы жасалганын мындай деп белгилейт:

- Олуттуу маани берилиши керек болгон көйгөйлөр арбын. Атуулдар таңкы саат жетиден тартып кечки саат онго чейин добуш берип жаткан чакта, биз Борбордук шайлоо комиссиясынан мыйзамга ылайык иш алып барууну жана добуш берүү жараянына астейдил мамиле кылууну талап кылдык.

Учурдагы президент Натсагийн Багабанди 1997-жылдын 20-июлунан бери өлкөнү бийлеп келди. Монголияда президенттикке талапкерди парламенттик орунга ээ болгон саясий партиялар сунуш кылышат да, президент жалпы элдик тикелей шайлоо аркылуу аныкталат. Бир адам катары менен эки жолу гана президент болуп шайлана алат.

Багабанди жана анын саясий тарапкерлери саясий ачкөздүккө барбастан, баш мыйзамды сыйлоону чечишти. Бир монгол таануучунун айтымында, Багабандинин мындан башка кадамга барууга ылаажысы да жок. Себеби пост-коммунисттик Монголияда конституция сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө кадырланат, дейт алиги адис.

XS
SM
MD
LG