Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

ХАМИД КАРЗАЙ АМЕРИКАДА


Ооганстандын президенти Кошмо Штаттарына төрт күндүк расмий визит менен барды. Дүйшөмбүдөн тартып Хамид Карзай президент Буш жана башка америкалык жетекчилер менен сүйлөшүү жүргүзөт. Сүйлөшүүлөр АКШ менен Ооганстандын узак мезгилдүү стратегиялык алакаларына арналат деп күтүлүүдө. Ошондой эле Карзай кечээ, жолго чыгаар алдында америкалык түрмөлөрдөгү ооган айыпкерлеринин абалына байланышкан маселени кабыргасынан койоорун айткан.

Жекшембиде Бостон шаарына учуп келген Хамид Карзай менен АКШнын президенти Вашингтондо дүйшөмбүдө жүздөшөт. Бирок Жорж Буш ооган президентине жекшембиде эле озунуп эфирден салам жолдоду:

– Дүйшөмбүдө мен Ооган президенти Хамид Карзай менен Ак үйдө жолугуп, анын өлкөсүндө эркиндиктин арымы узарып баратканын сөз кылабыз. Ооганстандын азыр баш мыйзамы, шайланма президенти бар. Ооган атуулдары эми сентябрда Улуттук Жыйындын төмөнкү палатасында аймактык кеңештерди шайлашат,- деди Буш апта соңунда америка элине радиодон жасаган кайрылуусунда.

Буш ошондой эле Кошмо Штаттары Ооганстанга жардамын аябайт деп сөз берди. Карзай менен Буштун жолугушуусунда эки ортодогу стратегиялык кызматташттык кеңири сөзгө алынат деп күтүлүүдө. Мында америкалык аскерлер Ооганстанда канча убакка калат деген суроо да бар. Карзай өткөн айда америкалык аскер базаларынын ооган жергесинде канчага калаары АКШнын экономикалык жардамына жараша болот деп айткан.

Арийне, соңку күндөрү ал Ооганстанда анти-америкалык маанай күч алганына күбө болду. «Ньюсуик» журналынын америкалык тергөөчүлөр АКШнын Кубадагы түрмөсүндө Куранды мазактаган деген маалыматы мындай маанайды андан бетер козутуп жиберди. Кийин журнал бул маалыматынан баш тартты, бирок көп оогандар бул чынында болгон окуя деп эсептешет.

Оогандар ошондой эле талибдердин калдыктарын жана ал-каидачыларды колдойт деп шектелген согушчандарды колго түшүрүүдө америкалык аскерлер айрыкча зомбулукка жол берип жаткандыгын айтып келишет. Буга кошул-ташыл болуп, жума күнү «Нью-Йорк Таймс» гезити Кабулдун жанындагы Баграм аскер базасында АКШнын карамагындагы эки ооган атуулу катуу сабоодон көз жумганын жазып чыкты.

Ишембиде, Кошмо Штаттарына аттанып жатып, Карзай кабарчыларга Буш менен жолукканда ушул маселени да кабыргасынан коерун бышыктап, буларды кошумчалады:

- Биз стратегиялык кызматташттыктын чегинде Кошмо Штаттарынан айыпкерлерди бирин калтырбай Ооганстанга кайтарып берүүнү жана террористтерди издегенде карапайым элдин үйүнө кирип барган учурларды токтотууну сураганы жатабыз. Бул иш ооган өкмөтү тарабынан жүргүзүлүшү керек. Шектүү ооган атуулдарын ооган өкмөтү камакка алышы керек.

Жогоруда айтылган Кабулдун жанындагы Баграм аба бекетинде, шектүү кылмышкерлерди камоо жайы толугу менен АКШнын көзөмөлүндө, ал жакка укук коргоочулар тургай, ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү да бара албайт. Бир гана Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү каттайт, бирок бул гумжардам уюмунун уставы боюнча, ал жактагы айыпкерлердин абалы тууралуу билдирүү жасай алабайт.
XS
SM
MD
LG