Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

КЫРГЫЗ КАМЧЫСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


Камчы-ат жабдыктарынын бири. Кыргыздар эзелтен бери камчыны колдонуучу буюм катары гана урунбастан, көркөм буюм, символ катары колдонуп келишкен. Төмөндө бабалардан мурас болуп келаткан камчы жасоо өнөрүнүн күңгөй-тескейи, өзгөчөлүктөрү жана камчыга байланыштуу ырым- жырымдар тууралуу сөз кылабыз.

Камчы унааны камчылоо, мал айдоо үчүн гана колдонулбастан, эр жигиттин сүрү, куралы, бийликтин символу катары да таанылган. Жоокерчилик заманда башына коргошун уютулган камчы менен душманды жыга чапкан учурлар болгон. Кыргыз эли камчынын түрүн жасап, жылаан боор, кош өрүм, төрт кыр жана башка ыкмалар, өрүмдөр менен өрүп, кынаптап, сын-сыпаттуу жасашкан. Колундагы камчысынан эле кандай адам экенин, кимдин баласы, кайсыл жердин кулуну экенин да баамдап коюшкан. Камчынын тилеги жакшы, «наристе, эркек бала камчылансын, уулду бол» деп белекке беришчү. Камчы, ат жабдыктарын жасаган уста Ислам Исраилов камчынын жасалуу жолун төмөнкүчө айтып берди:

- Кыргыздар камчыны керегеге илгенде да салпылдатпай, бүктөп туруп илишчү экен.Азыр камчылар 300, 500, 700, 1500 миң сомдун тегерегинде бааланат. Аны буйрутма берген кардарга карата жасайбыз. Он эки , жыйырма төрт, отуз эки өрүмгө чейин өргөндөр бар. Аны биринчи өрүп, сыдыргыга салып, тилгенден кийин ар бирин бирден сыдыргы менен сыдырып, улам-улам суулап, бекем тартып, аягында дагы бир сыйра сыдыргыга салып жасалат.

Чет өлкөдөн келген мейман, туристтер кыргыздын камчысына маани берип, улуттук сувенир катары көп сатып алышаарын, камчы бизнеси да өсүп-өнүгүп жатканын «Кыял» кол өнөрчүлүк бирикмесинин башкы директору Султанбек Макашов да айтып, кийинки учурда камчынын сапатына көңүл бурулбай, эптеп пайда табууну көздөп, усталардын кадыр-баркын кетиргендер да болуп жатканын белгиледи:

- Камчынын өрүмүндө эле ар кандай ыкмалар бар. Мисалы, сегизден тартып кырк сегизге чейинки тал менен өргөн усталар бар. Кээ бир киши ойлошу мүмкүн. Бир табылганы алып туруп, бир кулач кайышты мык менен кагып койсо эле камчы болуп калат деп. Бул андай эмес камчыны жасаш татааал иш. Биз азыркы убакта бир топ камчынын түрүн чыгарып жатабыз. Боз үй, комуз, калпак сыяктуу эле камчынын да өзүнүн орду бар, көркөм буюмдар арасынан. Булгаарыдан өрүлгөн камчылардын сапаты ойдогудай деңгээлге жетпейт экен. Таза көктөн өрүлгөн камчыдан артык камчы жок. Кээ бир чеберлер пайда көрүү иретинде тез аранын ичинде кайышты ийишип, аны жакшылап илебине келтирбей, камчылардын сапатын бузуп коюшууда. Мен андай чеберлердин жасаган иштерине ыраазы болбой жүрөм.

Чынында эле камчы кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн тааныткан улуттук сувенир буюму катары таанылып баратат. Өлкөдөгү дүр-дүйнө дүкөндөрүнөн камчынын түрүн кезиктирүүгө болот. Чет өлкөлөргө барышкан кыргыздар да камчысы менен калпагын көтөрө барып, белекке берип жүрүшөт. Камчы илинип турган үйгө жин-шайтан жолобойт деген ишеним менен шаардыктар да үйлөрүнө камчы илип коюшчу болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG