Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

ЧЕК АРАДАГЫ ЧЫР-ЧАТАКТАРДЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


Сабыр Абдымомунов, Баткен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылы менен чектешип турган Баткен облусунун Чарбак, Согмент айылдарында илгертеден эле майда барат пикир келишпестиктер чыгып турган. Акыркы он жылдан бери бул айылдардын калкынын өсүшү менен чыр-чатактардын көбөйүүсү байкалууда. Ушул айдын башында да жер-суу талаштан улам эки элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бир жумадай тирешип турушту.

Кыргыз-өзбек чегиндеги бул аймакта жер-суу талаштарына байланышкан маселе жыл сайын кайталанат. Акыркы жылдарда болсо негизинен тажик улутундагы эл жашаган Өзбек стандын бул аймактагы айылдарынын калкынын саны өсүп, жагдай курчуп барат. Бийлик өкүлдөрү да, жергиликтүү атуулдар да ушуну менен чыр-чатак тынчып калды деген ойдон алыс. Бул тууралуу облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевди уксак:

- Өзбек Республикасында жашап жаткан элдердин тамаркасы, жери өтө аз болгондуктан, алар Кыргызстан аймагына өтүүгө аракеттенген күндөр болуп турат. 3-майдагы болуп өткөн чыр-чатак кайрадан болушу мүмкүн. Себеби Хушяр деген айылда тажик эли абдан тыгыз жайланышкан. Алардын жашоо шарты өтө оор, алар Кыргызстан тарапка өтүүгө аракет кыла берет деген ойдомун.

Эки тараптын кагылышуусунан кийин, жергиликтүү элдин өз ара кооптонуусу күч алды. Кошумча бекеттерди түзүү чыр чатактын алдын алуунун бир жолу дейт өз сөзүндө Таштемир Эшалиев:

- Жетекчилер, күч органдары менен дайыма ал жерди контролдоп турабыз. Күнү-түнү ал жерде күч органдарынын кызматкерлери бар. Ошондой болсо дагы Чарбак айылына бир чегара отрядын коюп койсок жакшы болот эле. Себеби бир жагы коопсуздукту сактоо, экинчи жагы тынччылык болот эле.

Ал эми Согмент айылынын айрым тургундары мындай макулдашуу менен эле маселени чечүү кыйын, буга чоң инвестицияларды жумшоо керек деген пикирде:

- Муну жоюу жолдорун биз үчүнчү сектордүн өкүлдөрү төмөндөгүдөй нерседен көрөбүз, кыргыз, тажик, өзбек бейөкмөт уюмдары биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз зарыл. Бул түшүндүрүү иштерине бийлик өкүлдөрүн, жергиликтүү лидерлдерди, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартып, жашынан баштап ар кандай жаратылыш ресурстарына байланышкан маселелер болобу, укук нормаларына байланышкан маселе болобу, бардыгын чечүүдө эки өлкөнүн мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк, бул проблемадан тез эле чыгабыз. Эки каршылашкан тараптын бир динде экенидигин, ушул механизмди биз жакшы колдонсок, бул проблемаларды чечүүдө ошол эле аксакалдардын ролу чоң - дейт Согмент айылынын тургуну Жылдызбек Амиралиев.

Чегара айымактарында бир катар бейөкмөт уюмдар да иш алып барат. Эки кошуналаш элдин мурдатан түзүлгөн бири-бирин жек көрүүсүнүн калыптанып калышы акыркы күндөрү болгон окуялардан сезсе болоруна «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук Фондунун кызматкери Абдигапар Каратаев мындайча токтолду:

- Чыр-чатак дагы уланып кетиши ыктымал. Себеби бул проблеманы башка жол менен чечиш керек, же сууну пайдаланганды элге үйрөтүш керек. Башка жол жок. Эгерде бул проблеманы башка жол менен чечпесе жыл сайын ушундай келишпестик боло берет.

Бул аймакта иш жүргүзүп жаткан «Ынтымак саясаты» коомдук уюмунун өкүлү Кубаныч Сатыев болсо түшүндүрүү, маалымдоо иштеринен башка техникалык долбоорлордун ишке ашуусу менен бир катар маселени чечсе болоорун, азыр өзбек жана кыргыз айылдарын агып өткөн Ташарык суусун чоң түтүктөргө буруп айрым жерлерин бетондоо иштерин өзүнө камтыган долбоор иштей баштаганын билдирди.

Жергиликтүү байкоочулардын баамында, сугат иштери күч алып, жайытка мал жык толгон жайдын алгачкы айларында кошуна эки элдин ортосунда дагы чыр чатак чыгып кетиши мумкүн.
XS
SM
MD
LG