Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

КАНН КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН БАШ БАЙГЕСИН СОЦИАЛДЫК ДРАМА ЖЕҢИП АЛДЫ


Бельгиялык режиссерлордун “Бала” деген фильми Канн кинофестивалынын баш байгесин утуп алды. Дарденн бир туугандары бул жеңишин Иракта барымтада жаткан франциялык журналистке арнашты. Алар 8 жыл илгери да фестивалдын “Алтын пальма” сыйлыгын алышкан. Былтыр америкалык режиссер Майкл Мурдун айтылуу “Фаренгейт 9/11” деген документалдуу тасмасы фестивалга болгон кызыгууну арттырган эле.

Ошентип, ишембиде Франциянын Канн шаарында 10 күнгө созулган киномарафон бельгиялык бир туугандар Люк жана Жан-Пьер Дарденндин жеңиши менен аяктады. Экинчи болуп марага америкалык режиссер Жим Жармуш келди. Анын “Сынган гүлдөр” деген тасмасына Голливуддун жылдыздары Билл Мөррей, Шэрон Стоун жана Жесика Ланж тартылган.

Эң мыкты актриса деп израилдик Хана Ласло, ал эми эң мыкты эркек оюнчу деп америкалык дагы бир жылдыз Томми Ли Жонс аталышты.

Былтыр Майкл Мурдун “Фаренгейт 9/11” деген документалдуу тасмасынын көргөзүлүшү Канн фестивалына болгон кызыгууну арттырган эле. Быйыл болсо сенсация жараткан фильм же окуя деле болгон жок, - дешет сынчылар. Бирок былтыркыдай эле бул жолу да Канн кинофестивалында саясат үстөмдүк кылып турду:

- Биз бул сыйлыгыбызды Иракта барымтага алынган франциялык журналист Флоранс Обенас менен анын айдоочусу жана котормочусу Ханун ал-Саадиге арнайбыз, - деди Люк Дарденн.

Ирактагы согушка күрт режиссеру Хинер Салимдин тасмасы да арналган. Фильм эч кандай сыйлык менен бааланбаганы менен, урушка каршы болгон европалыктардын көңүл сыртында калган жок. Режиссер Саддам Хусейн тушундагы окуяларды баяндаган фильм саясий эмес дегени менен, пресс-конференцияда Салим америкалыктар Иракты бошотушту, анын натыйжасы позитивдүү болду деген өңдүү сөздөрдү айтты.

Ирактык режиссердун фильминен айрмаланып, баш байгени жеңген “Бала” деген тасма саясаттан чындап эле алыс. Фильм акчанын айынан жаңы төрөлгөн баласын сатып, анан өкүнүп, ымыркайды кайтарып алууга аракеттенген жакыр жаш ата-эненин драмасын чагылдырат. Жөнөкөй кол камера менен тартылган фильм документалдуу тасмадай таасир калтырат.

Киносынчылар менен журналисттер бельгиялык режиссерлордун фильмин жогору баалашты. Алардын айрымдары баш байгени дал ушул фильмге ыйгаруу менен калыстар тобу компромисстүү чечимге келишти дешет. Босниялык Эмир Кусторица жетектеген жюри экиге бөлүнүп, жарымы “Сынган гүлдөргө” артыкчылык беришсе, башкалары австриялык режиссер Майкл Ханекенин “Катылган” деген фильмин колдошкон. Натыйжада Ханеке эң мыкты режиссер деп таанылды.

Экинчи байге менен сыйланган Жим Жармуш фестивалга катышуунун өзү эле өзүнчө бир жеңиш деди:

- Мен бул жерде болгонума кубанычтуумун. Тасмамдын Каннда көрсөтүлүшү эле мен үчүн чоң жеңиш. Фестивалда көп мыкты фильм көрө алдык.
XS
SM
MD
LG