Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Таластык мугалимдер нааразылык акциясына чыгышты


ТАЛАС. Талас шаарындагы орто мектептердин жана балдар бакчалардын нааразылык акциясына чыгышкан үч жүздөн ашуун мугалимдер менен тарбиячылары, аларга кошулган ата-энелер шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжаалы Орозалиевдин иштен кетүүсүн талап кылып, мэриянын алдына келишти. Ушундай эле талап менен 20-май күнү саат 17.30дан баштап Талас шаарындагы мектептер менен балдар бакчаларынын он үч жетекчиси шаардык мэриянын имаратында ачкачылык да башташкан. Нааразы тарап бир айга жакын мезгилден бери шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылык кызматы талашка түшүп, мөөрдү Кенжаалы Орозалиев алып жүргөндүктөн банктан акча алынбай, бакчалардагы балдарга тамак-аш берилбей, эми минтип акыркы коңгуроо салтанаттары үзгүлтүк алдында калгандыгын айтышууда. Алар менен сүйлөшүүгө келишкен шаар менен облустун бийлик өкүлдөрү абалды билим берүү министрлигине маалымдап, Кенжаалы Орозалиев менен соттук териштирүүнү тездетүү өтүнүчү жөнөтүлдү. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылык милдетин Элмира Калдаралиева аткара турган болду.

XS
SM
MD
LG