Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Марттагы талап-тоноолор үчүн тартип коргоо кызматын сотко беришти


БИШКЕК. Соода кызматкерлеринин кесиптик кошундарынын борбордук комитети 24-25-марттын түнүндөгү талап-тоноолорго жол бергендиги үчүн Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарындагы 1-май, Свердлов жана Октябрь райондук бөлүмдөрүн сотко берди. Борбордук комитеттин төрага орун басары Альберт Сметанкиндин билдиргенине караганда, доо арыз кошундар бирдигине кайрылган ишкерлердин арызынын негизинде берилди. Мындай арыздар менен кесиптик кошунга «Гоин», «Дордой-Плаза», «Ысыккөл», «Мергенчилик» өңдүү соода борборлорунун ишкерлери кайрылышкан. Булардын материалдык чыгымын 160 миллион сомго жакын деп баалаган кесиптик кошун ички иштер тармагынан өндүрүп берүүнү жана 24-25-мартта талап-тоноолорду болтурбоо үчүн кызматтык милдетин аткарбаган жетекчилердин жоопко тартылышын соттон суроодо. Мындай арызды кесиптик кошун 1-май райондук сотуна өткөн аптада жолдогон.

XS
SM
MD
LG