Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Комитет төрага орун басарлары шайланышты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары 23-майда жашыруун добуш менен комитет төрагаларынын орун басарларын шайлашты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жети комитет төрагасынын алтоосунун орун басарлары шайланды. Коргонуу жана коопсуздук комитетинин жетекчисинин орун басары болуп Рашид Тагаев, Бюджет жана финансы комитетине Дамир Өскөнбаев, Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетине Зиядин Жамалдинов, Айыл чарба жана экология комитетине Мурат Жураев жана Азизбек Турсунбаев, Социалдык саясат комитетине Асамидин Марипов, ал эми экономика жана ишкерчилик комитет төрагасынын орун басары болуп Осмонбек Артыкбаев шайланды.

XS
SM
MD
LG