Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

ИРАНДА РЕФОРМАЧЫЛ САЯСАТЧЫ ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТИЛДИ


Ирандын Көзөмөлдөө Кеңеши 17-июнда өтө турган президенттик шайлоого катыша турган алты талапкердин тизмесин жарыялады. Президенттик кызматка татыктуумун деп жарышка камданган миңден ашуун ирандыктардан ошентип, алтоо гана тандалды. Реформачыл саясатчылардын лидери, Ирандын мурдагы билим берүү министри Мустафа Моин да талапкерлер тизмесинен чыгып калганы Тегеранда гана эмес, эл аралык коомчулук арасында да тынчсыздануу жаратты.

Ирандын конституциялык органы - Көзөмөлдөө кеңеши президенттик шайлоого катыша алат деп батасын берген алты талапкер арасында бир гана реформачыл саясатчы, парламенттин мурдагы төрагасы Мехди Каррубинин ысымы жүрөт. 68 жаштагы Карруби акыркы парламенттик шайлоодо да ат салышып, атаандашына уттуруп койгон.


Байкоочулардын баамында, Ирандагы президенттик шайлоого катыша турган башка саясатчылар арасынан өлкөнүн мурдагы президенти, консервативдик көз караштагы Акбар Хашеми Рафсанжани өз күчүнө ишенип тургандай. Талапкерликке татыктуу эмес деп табылгандар арасында Ирандын Жогорку лидеринин кеңешчиси, Тегерандын мэри, полиция башчысы да бар. Бирок коомчулук эң башкысы тизмеден – реформачыл партиянын башкы талапкери Мустафа Моин жана тыюу салынган «Эркиндик» кыймылынын жетекчиси Ибрагим Яздинин чыгарылганын чоң нааразылык менен кабыл алды. Ирандык реформачыл чөйрө айрыкча шайлоодон Моиндин четтетилгенин чоң сокку катары кабыл алып, аны «мамлекеттик төңкөрүшкө» тете чечим катары сыпаттоодо. Ирандын мурдагы билим берүү министри Моин өзү Көзөмөлдөө кеңешинин чечимин мыйзамсыз, адилетсиз, акылга сыйбаган чечим деп баалап, ага каршы күрөш баштаганын жарыялады.


Ирандык журналист Мохаммад Садек Жавади реформачыл күчтөр шайлоого бойкот жарыялашы мүмкүн деп эсептейт:

- Алардын башкы талапкерлери шайлоого катышпай калса, реформачылар элди эч кимге добуш бербөөгө үндөшү мүмкүн. А балким, алар шайлоого бойкот жарыялабай эле добуштарын башкача бир таасирдүүрөөк жагына пайдаланышы да ыктымал.


Ирандагы шайлоонун баарына жооптуу орган деп эсептелген Көзөмөлдөө кеңеши алты динаятчы жана алты юристтен турат, алар адатта талапкерлердин исламдын жол-жоболорун так аткарып, диний ишенимин ниетинде таза карманышына көз салат, баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү исламдын мыйзамдарына төп келишин кылдат иликтейт. Ушул жагдайдан алганда, реформачылардын анабашы кай жеринен ката кетирди? – деген суроого Тегерандагы университеттин аалымы, илимдин доктору Садек Зибакалам мындай жооп узатты:

- Көзөмөлдөө кеңеши Моин шайлоодо жеңип, эмки президент болуп калат деп коркконунан аны тизмеден чыгарган жок. Бардык сурамжылоолор Моин добуштардын 5 пайызын топтой алаарын көрсөтүп жатпайбы. Көзөмөлдөө кеңеши, менимче, реформачыл саясатчынын радикалдык көз карашына каршы, ал абдан сынчыл, көп сүйлөгөн киши эмеспи.


Кандай болгон күндө да, көпчүлүк байкоочулар Моиндин президенттик шайлоодон чыгарылышы – Ирандын эл аралык аброюна шек келтирчү чечим болгонун белгилеп жатышат. Тегерандык жетекчилер да аны түшүнсө керек, дүйшөмбүдө Ирандын “Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Көзөмөлдөө кеңеши президенттик шайлоого катышчу талапкерлер тизмесин кайра карап чыгуусун талап кылган жардыкка кол койду”, - деп кабарлашты Тегерандагы мамлекеттик маалымат каражаттары.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG