Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

СОТ СИСТЕМАСЫ ТУҢГУЮК АБАЛГА КЕПТЕЛДИБИ?


Азиза Турдуева, Бишкек Өлкөнүн Жогорку сотунун имараты 22-апрелден бери пикетчилер тарабынан ээленип турат. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон төрт чөлкөмдүн шайлочулары Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетишин, сот системасында реформа жүргүзүлүшүн талап кылышууда. Айрым саясатчылар мындай көрүнүштү сот кризиси деп аташса, Жогорку соттун жетекчилиги ага макул эмес.

23-майда Бишкекте Жогорку соттун алдында нааразылык акция улантылды. Парламенттик шайлоонун айрым округдарындагы жыйынтыктарына байланыштуу чыгарылган сот чечимдерине нааразы болгон шайлоочулар койгон талаптары аткарылмайынча кетпей тургандыктарын билдиришүүдө:

- Биз мына бир айдан бери ушул жерде пикетте турабыз. Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, акыйкаттыкты издеп келгенбиз. Сот туура эмес чечимдерин чыгарды. Эми жаңыдан шайланган сот келип, биздин арыздарды кайрадан карамайынча, Жогорку соттун азыркы төрагасы Курманбек Осмонов кызматынан кетмейинче, биз тура беребиз,- дейт пикетте отурган Насима Ажибекова.

Кээбир пикетчилер Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов пара алуу менен акыйкатсыз сот чечимдерин чыгарган деген пикирлерин айтып жатышат. Буга байланыштуу токтогулдук шайлоочу Жамбыкан Дакыбаева мындай дейт:

-Тайырбек Сарпашев Курманбек Осмоновго 150 миң доллар акча бердим деп бизге айткан. Ал ошол акча бергендиги үчүн өзүнө ишенип, мандатты бербейм деп атат. Биз сот акыйкат чечим чыгарылмайынча, Жогорку соттун имаратынан чыкпайбыз.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов пикетчилердин мындай сөздөрүн четке какты:

- Сарпашевден чоң акча алды дегени акылга сыйбаган нерсе. Эгерде алардын далилдери болсо, сот органдарына кайрылып, далилдеп беришсин. Алар эми калган дооматтары бүтүп, ошондой дооматтарга өтүштү.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов сот системасындагы азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн саясий чечим керек деген пикирде.

- Курманбек Осмонов арызын бергенден кийин, президенттин милдети аткаруу чу өзүнүн жардыгы менен бошотууга, же Жогорку Кеңеш ошол замат эле карап, бошотууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эми арызын кайрадан алып салгандан кийин, саясий гана жол калды. Сот мындан ары да иштебей турганы менен макул болууга мүмкүн эмес. Эми пикетчидердин талаптары туура болуп жатпайбы. Алардын жасаганы туура эмес болгону менен, алардын талаптары негиздүү болуп, акыйкатсыз чечимдерди кабыл алып отуруп, кризис ошондон келип чыкты да. Аны моюнга алуубуз керек .

Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов бул маселе боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Биринчиден, Жогорку сотун жетекчиси соттун чечимине нааразы болгон адамдар менен жолугуп, мындай акыбалга жеткирбеши керек эле. Алар нааразы болгон чечимдерди кайрадан карап, адилет чечимин чыгармайынча, артка кайтпайтко. Экинчиден, бул кырдаалга азыр аткаруу бийлиги да, мыйзам чыгаруу бийлиги да толук к андуу кийлигиши керек. Анткени, Акаевдин режими эки мамлекеттик органды, тактап айтканды, Жогорку сотту, жергиликтүү соттор системасын жана Борбордук шайлоо комиссиясын пайдаланып, өз максатына жеткен. Сот эл ишенген, урматтаган, сыйлаган орган болушу керек.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун көз карашында, учурда сот системасында кризистик абал түзүлдү деп айтуу негизсиз:

- Эми пикетке чыккандардын талаптарына байланыштырып алып эле, өлкөнүн сот системасында кризистик кырдаал түзүлдү деген корутундуну чыгаруу негизсиз. Азыр биз да дипломатиялык ыкма менен түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп жатабыз.
XS
SM
MD
LG