Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Чолпон Орозобекова , Бишкек Сузак районунда турган өзбекстандык бозгундардын тагдыры дале чечиле элек. Аларга качкын макамы берилеби же атажуртуна кайтарылабы азырынча белгисиз. Сузакта кармалып турган 500дөй адамдан башка чек арадан жашынып кирген өзбекстандыктарды Кыргыз бийлиги артка кайтарууда.

Сузакта учурда 491 өзбекстандык атуул чатырларда жашап, кыргыз тараптын багуусунда болууда. Кыргызстандын чек ара кызматынын төрага орун басары Абсабир Эрежеповдун билдиргенине караганда, бозгундар менен кошо качып келген 37 адам Кыргызстандын атуулу экени аныкталып, үйлөрүнө жиберилди:

- Сузактагы өзбекстандык 528 адамдын 37си Кыргызстандын атуулдары экен. Баарынын улуту - өзбек. Алар Араван районунун, Ош шаарынын жашоочулары экен.

Учурда Өзбекстан тараптан өтө качып Сузактагы качкындарга кошулууну каалагандар көп болууда. Бирок кийинки бозгундарды кыргыз тарап чек араны бузуучу катары карап, аларга катаалыраак мамиле кылууда. Маселен, бүгүнкү күнгө чейин 86 бозгун өзбек бийлигине өткөрүлүп берилди. Абсабир Эрежеповдун пикиринде, Кыргызстан мындан ары өзбекстандыктарды кабыл ала албайт, бара бара Сузакта кармалып турган бозгундар да өткөрүлүп берилиши ыктымал:

- Чек араны бузуп кирип атышат, демек чек араны бузуучу катары гана карай алабыз. Сузактагыларга кошулабыз деп эле качып кирип атышат, бирок эч кимди кабыл ала албайбыз. Сузактагылардын да качкын макамы жок, алар да биз үчүн азыркы күндө чек араны бузуучулар. Чек арадан 5 метр жылдырбай кармап отурабыз.

Сузактагы 491 өзбекстандыктын кимдер жана кандай адамдар экенин тактоо иштери оор болууда. Сузакта кырдаал менен таанышып жүргөн Төлөйкан Исмаилова 22- майда Азаттыкка өзбекстандыктардын ичинен 36 киши өзүнүн ким экенин айтуудан кескин баш тартууда деп билдирген.

Подполковник Эрежеповдун айтымында, өзбек бозгундар арасында шектүү адамдар бар:

- Албетте, мен террорго катышкам деп эч кимиси айтпайт да. Опертивдүү маалымат боюнча арасында шектүү бир топ адамдар бар.

Ал эми атуулдук коом өкүлдөрү Өзбекстан бийлиги Кыргызстан аймагында кармалып турган өз атуулдарынын таржымалын тактоодо жардам бербегени өкүнүчтүү дешет. Атын атабоону суранган саясатчынын айтымында, Ислам Каримов бул маселе боюнча кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү да жүргүзбөй, кокус Кыргызстандын убактылуу өкмөтү ага жакпаган кадамдарды жасай турган болсо өзбек президенти Кыргызстан элине зыян алып келе турган кадамдарга барышы ыктымал.

Кыргыз бийлиги Сузактагы качкындардын тагдыры боюнча кескин жооп айта элек. Бейөкмөт уюмдар болсо эл аралык уюмдардын кепилдиги менен Өзбекстандан канча адам качып келе турган болсо баарын качкын катары кабыл алуу зарылдыгын айтып жатышат. Бирок бийлик бозгундардын санын көбөйтпөө жагына ооп, бул ойго бекем туруп аткандай. Чек ара кызматынын жетекчилиги бул маселе эки өлкө ортосундагы мамилени оорлоторун кыйытууда:

- Бирин эле кабыл алсак, артынан 10 миң адам келгени турат. Ислам Каримов булар кылмышкерлер, террорчулар деп атса, биз аларды багып отура берелиби!? Бай өлкө болсок бир жөн,- дейт подполковник Эрежепов.

Бирок айрым байкоочулар кыргыз бийлиги эл аралык нормаларды бузууда деп жатышат. Бул тууралуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова мындай пикириде:

- Өз өлкөсүнөн качып келдиби, демек, репрессиялык кадамдардан коркконунан, өмүрүнө коркунуч келгендиктен келди. Кыргызстан аларды кабыл алышы керек. Айрымдарын артка кайтаруу менен кыргыз бийлиги эл аралык нормаларды бузуп жатат. Канча адам келсе да, баарын качкын катары кабыл алып, БУУ аркылуу тиешелүү иш- чараларын жасаш керек болчу.

Сузакта кармалып турган бозгундар болсо Өзбекстанга барсак бизди өлүм күтүп атат дешип, Кыргызстанда калтырууну же үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү суранып жатышат.
XS
SM
MD
LG