Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

ӨЗБЕКСТАН ЧЕК АРА ТОСМОЛОРУН АЧА БАШТАДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 23-май күнү Өзбекстандын Ханабат шаары аркылуу өтүүчү Ош-Карасуу-Жалалабат автожолу кайрадан ачылып, беш жылдан бери биринчи жолу Кыргызстандын автоунаалары Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. “Ынтымак” чегара бекетиндеги автожол каттамын кайра калыбына келтирүү демилгеси Өзбекстан тарабынан сунушталган.

Ош-Карасуу-Ханабат-Жалалабат автожолу Өзбек өкмөтүнүн бир тараптуу чечиминин негизинде 2000-жылы жабылган эле. Өзбек өкмөтү аталган чечимди ал учурда өз чегарасын чыңдоо максаты менен байланыштырган. Туура беш жылдан соң жолдогу темир-бетон тосмолорун Өзбекстандын жана Кыргызстандын чегарачылары алып салышты. “Ынтымак” чегара бекетинин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Дуулатбек Чолпонбаев чегараны ачуу демилгеси Өзбекстан тарабынан күтүүсүз болгондугун мындайча түшүндүрдү:

- Кечээ түндө бизге капысынан саат бирде кабар берди. Биз эртең менен эрте чыгып Өзбек, Кыргыз Республикасынын ортосундагы чегараны ачууда аракет кылып атабыз деген.

“Ынтымак” чегара бекетинин башчысы Абдурахим Эралиев аталган чегара тилкеси аркылуу өтүүчү эл аралык маанидеги автожолду ачуу демилгеси менен кыргыз чегарачылары мурун бир канча жолу чыгышкандыгын, бирок өзбек тарап ал сунуштарды буга чейин четке кагып келгендигин айтып өттү:

- Биз кыргыз тараптан бул маселени көптөн бери көтөрүп атканбыз. Бул жердеги чегара районун ачылышы эки тараптагы эл үчүн да абдан жакшы нерсе. Биринчиден соода-сатык жагынан жакшы болот.

Ал эми жергиликтүү талдоочу Бийке Арстан кызы Өзбекстан өкмөтү өлкөдөгү саясий жана социалдык чыңалууну басаңдатуу максатында өз атуулдары үчүн жеңилдиктерге барууга мажбур болуп жатат деген оюн билдирди:

- Өзбекстандын бийлиги өзүнүн элин изоляцияда кармоого мүмкүн эместигин азыр түшүндү. Кыргызстан менен болгон чегараларын илгертеден бери жаап, өзүнүн эле элин эмес, Кыргызстандын элин кошо кыйнап келе жаткан. Эми чегараларын ачып жатышат. Албетте бул жакшы көрүнүш. Негизинен мурдатан эле ушундай кылса болмок.

Чегара ачылып Жалалабат шаарына кетүүчү автожол кыскарып жаткандыгына карабастан кыргызстандык айрым айдоочулар Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүүдөн кооптонуп жатышкандыгын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG