Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

КАРАСУУ КОЗГОЛОҢУ, КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ЧАБУУЛ


24-майда жарык көргөн “Агым” гезитинде кабарчы Алишер Токсонбаевдин “Карасууда козголоң, а Сузакта качкындар” деген макаласы жарыяланды. Анда Өзбекстандын Анжиян облусундагы Карасуу шаарындагы козголоң, Сузак районундагы Тешикташ аймагындагы өзбекстандык качкындарга эл аралык уюмдар жардам берип жаткандыгы баяндалат.

“Өзбекстандык митингчилердин талабына эч кошулбадык, анткени бөлөк мамлекеттин ички ишине кийлигишүүгө таптакыр акыбыз жок”, деп кырдаалды талдоого алат Ош облусунун губернатору Анвар Артыков. “Кокус Кыргызстан башпаанек берүүдөн айныса, башка мамлекеттерден деле жай издөөгө мажбурбуз. Өзбекстан бийлиги өзгөрүлмөйүнчө, кайтып барсак азыркы режим бизди эзели соо койбойт”, дешет качкындар.

“Карасуулук козголоңчулардын башчысы Бахтияр Каримовдун жубайы жана балдары көпчүлүктүн өтүнүчү орундалып, Бахтияр бошотулбаса, өздөрүн өрттөөгө даяр экенин билдиришти” деп жазат кабарчы Алишер Токсонбаев.

Ошондой эле учурда өлкөдөгү коррупцияга каршы министрликтерде, прорукатурада бөлүмдөр ачылып, эски бийликтин былыктары ашкере болуп жатканын “Агым” гезити да жазып, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Аскар Салымбековдун демилгеси менен коррупцияга каршы борбор түзүлгөнүн маалымдайт.

“Бул коррупция деген ажыдаардын башын жулганга, жеңгенге коомчулук менен биригип, бир муштумдай каршы турганда гана оң жыйынтык берет” дейт мэрдин милдетин аткаруучу.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди.

-“Сессия сүртүмдөрүн” бул жолу кабарчы Мамат Сабыров даярдады. Маанилүү майда кабарлар “Оп, майда” рубрикасында, Өзбекстандагы акыркы кабарлар, Конституциялык кеңешменин жыйынындагы талкуулар тууралуу ушул жыйындын жумушчу тобунун төрагасы Өмүрбек Абдырахмановдун баяндамасы, маданият жаңылыктары чыкты.

24- майда жарык көргөн “Аалам” гезитинде да өлкөнүн ички иштер министрлигиндеги чектен чыккан жоруктарды журналист Семетей Талас уулу иликтеген.

“Мурдакы ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун доору эч кимдин эсинен кетпестир. Ал кишинин кезинде Кыргызстан мафиянын мекени Сицилиядан, ганстерлердин чордону Чикагодон канды- булоон “беспределдери” менен ашпаса асты кем болбоду. Чаламандын чак түшүндө чайканада чай ичип олтурсаң атып кетип жатышты. Көчөнүн так ортосунда машиналардын арасында турсаң да чайкап, жайлап кетип жатышты. Аларды ноктологонго милициянын каруусу келбей, айрым жетекчилери өздөрү “криминал” болуп кетишти. Буйуртма менен 30га жакын адам, анын ичинде профессионал опер Чыныбек Алиев да атылды” деп журналисттик иликтөө жүргүзөт Семетей Талас уулу.

24- майдагы “Аалам” гезитинде жарыяланган макалалар жөнүндө башкы редактордун орун басары Аида Надырбекова буларга билдирди:

- “Темирден чыккан түтүндөн, ыштан ууланып бүттүк” деген темада Ысыката районунун Новопокровка айылынын тургундарынын кейиштүү абалы баяндалат. Коррупциядан жапа тарткан “ Зорька” пионер лагерин “Ордо- сахна” театрына берүү тууралуу ой- пикирлер кабарчы Анара Суракматованын макаласында орун алды. Бүгүнкү күндөгү жумушсуздуктун каарын тартып жүргөн атуулдардын көйгөйлөрү да чагылдырылды. “Бизге элдик конституция керек” деген белгилүү адвокат Токторбек Ашыркул уулунун сунуш- пикирлеринин уландысы чыкты.

24-майда окурмандардын колуна тийген “Адабий гезитте” драматург Жаныш Кулманбетовдун жакында жаштар театрында коюлган “Чыңгыз жана Бүбүсара” аттуу драмасы тууралуу окурмандарын ой- пикирлери жарыяланды. Филология илимдеринин доктору, адабиятчы Абдылдажан Акматалиев “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинде эпостун толук варианттарынын басылбай калышынын себептерин айткан. “Бүгүнкү күндүн адабияты жана улуттук идеологиясы” тууралуу “Жашыл китептердин” авторлору Абды Сариев менен Нуржан Сакиеванын ой- пикирлери жарыяланды.

24-майдагы “Кыргыз туусу” гезити өлкөнүн туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Бектур Асановдун “Туризм- экономиканын түркүгү” деген макаласы, Жогорку кеңештин депутаты Муратбек Мукашев менен журналист Мундузбек Тентимишовдун 24- марттагы ыңкылап, “Алга, Кыргызстан” партиясы, улуттук банк, учурдагы кырдаал тууралуу маеги жарык көрдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG