Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Ирандын диний лидери Көзөмөл кеңешине өз чечимин кайра кароону буюруду


Аятолла Али Хаманеи өлкөнүн Көзөмөл кеңешине реформачыл талапкерлерди алдыдагы президенттик шайлоодон четтеткен чечимин кайра карап көрүүнү буюруду. Президенттик шайлоого катышууну көздөгөн бир миңдей талапкердин ичинен Көзөмөл кеңеши алты гана адамдын талапкерлигин жактырган. Талапкерлиги четке кагылгандардын катарында Ирандагы эң ири реформачыл партия - Иран Ислам Катышуу фронтунун өкүлү Мостафа Моин да бар. Ал эгер чечим өзгөртүлбөсө 17- июнга белгиленген шайлоону бойкоттоого чакырарын билдирди.
Иранда Көзөмөл кеңеши баардык талакерлер кандай моралдык баалуулуктарды карманарын, исламчыл түзүлүштү колдоор-колдобосун аныктайт.

XS
SM
MD
LG