Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Вашингтондо АКШ жана Ооганстан президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү


АКШнын президенти Жорж Буштун сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында билдиргенине караганда, Ооганстандагы америкалык аскерлер ооган президенти Хамид Карзайдын аларга командачылык кылууда көбүрөөк бийлик алуу жөнүндөгү өтүнүчүнө карабай, АКШнын көзөмөлү астында калат. Ага катар Буш америкалык аскерий өкүлдөр өз операцияларына даярдык иштерин ооган өкмөтү менен талкуулап, кызматташарын кошумчалады. Ал эми Кубанын Гуантанамо аралындагы жана АКШнын карамагындагы башка түрмөлөрдөгү ооганстандыктар акырындап өз мекенине өткөрүлүп берилерине токтолду:

- Биринчиден биздин саясат ал адамдар мекенине жөнөтүлүшүн көздөйт, бирок экинчи жагынан биз аларды жайгаштырып, тамактандырып, кайтара турган жай болушуна ынанышыбыз керек.

Жорж Буштун ушул эле пресс-конференциядагы жарыясына караганда, АКШ менен Ооганстан саясат, коопсуздук, экономика чөйрөсүндө стратегиялык кызматташтык келишимине кол коюшту. Ал эми Ооганстандын өзүндө кечээ эки өлкөнүн өкмөттүк күчтөрү козголоңчуларды жашынган жайларынан тазалоого багытталган үч операция башташкан.

XS
SM
MD
LG