Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

БАКИЕВ ПАРЛАМЕНТКЕ АЯЛДАРДАН ӨКҮЛ ДАЙЫНДАМАЙ БОЛДУ


Кыргызстанда март окуясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде аялдар жаңы өкмөттүн көңүл сыртында калууда. Ал эми саясий күчтөр аялдарды пикет-митингдерде саясий ресурс катары пайдаланышууда. Ушул өңдүү маселелер президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин аялдардын эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен өкмөт үйүндө өткөн жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуу президенттин алдындагы аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүгүү маселелери боюнча улуттук кеңештин демилгеси менен уюштурулуп, ага аялдардын бейөкмөт уюмдарынын 19, эл аралык уюмдардын 13 өкүлү катышты. Жолугушууда негизинен аялдардын коомдук-саясий турмушта ээлеген ордуна байланышкан маселелер көтөрүлдү. «Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюмунун төрайымы Көчөрбаева Зульфия аялдардын саясий турмушка аралашуусундагы өксүктөргө токтолгон лидерлердин бири болду:

- Менин көз карашымда эң эле талылуу маселелердин бири – бул аялдардын саясатка аралашуу абалы.

Зульфия Көчөрбаева гендер маселеси боюнча парламентке президенттин өкүлүн дайындоо, Конституциялык реформадан кийин болоору болжолдонуп жаткан парламенттик кошумча шайлоону партиялык тизме менен өткөрүп, ал аркылуу аялдардын парламентке келишин шарттоо, тың чыкма аялдардын мамлекеттик кызматта иштешине шарт түзүү өңдүү демилгелерди көтөрдү.

Кризистик борборлор ассоциациясынын төрайымы Майрам Тилебалиеванын айтымында, Конституцияны реформалоодо аялдардын юридикалык тилге которулган 30га жакын сунушу кеңешмеде илүү кылынган жери жок. Буга аялдардын таламын талашкандардын аз болушу себепкер болууда. Тилебалиева Конституцияга гендердик теңчилик маселесин сөзсүз киргизүү керек дейт:

- Демократия өнүгүү жолуна түшүшү үчүн биз ошол Конституциянын негизги, негизги принциптери деген главасына гендердик теңчилик принцибин сөзсүз киргизүү керек. Өзүнчө статья кылып бекитүүнү мен сунуш кылам.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев көтөрүлгөн бул маселелердин бардыгын жөндүү деп эсептеди. Ошондуктан, Жогорку Кеңеш дээрлик эркектерден куралган парламентке президенттин гендер саясаты боюнча өкүлүн дайындоо демилгесин кубаттады. Ал эми келерки парламенттик шайлоодо депутаттардын жарым-жартылайы партиялык тизме менен шайланышы керек дейт Бакиев:

- Парламенттин жарымы бир мандаттуу округдан, жарымы партиялык тизме менен өтүшү керек. Кээ бири эмне үчүн толугу менен партиялык тизме болбойт деп сурашат. Биз анда чуулгандуу түндүк-түштүк, уруулук, кландык маселелерге бут тосмокпуз. Бирок биздин саясий партиялар ага даяр эмес.

Мыйзамдарды талдоодо аялдардын кызыкчылыктарынын көмүскөдө калышы алардын укуктарына доо кетирчү кесепеттерден болуп жатат. Мындай көз караш К. Адэнауэр фондунун программасынын координатору Мира Карыбаева тарабынан айтылды:

- Баарыңыздар билесиздер, акыркы окуяларда бардык саясий каршылаштар тарабынан аялдар саясий ресурс катары пайдаланылды. Иш жүзүндө ушул маселенин айланасында аялдар агрессивдүү күч болду деген өңдүү өтө көп чайкоочулук болуп атат.

Карыбаеванын пикиринде, аялдардын саясий ресурс катары пайдаланылышына «Ички иштер органдары жөнүндөгү» 1994-жылы кабыл алынган мыйзамдын 14,15-беренелери себепкер. Бул беренелерде пикеттерге катышкан аялдарга каршы курал жана атайын каражаттар колдонулбай тургандыгы белгиленген.

24-марттан кийин өлкөнү турукташтырууга аялдар тартылбай жатат деген көз карашын жолугушууда Аялдар бейөкмөт уюмдар форумунун төрайымы Нургүл Жанаева билдирди:

- Биз 24-марттан кийинки жараяндарга аялдардын катышуусуна үстүрт мамиле жасалышына тынчсызданып жатабыз. Мурдагы эле өнөкөт кайталанып атат.

Аялдар ушул эле жолугушууда кылмыштуулукка, коррупцияга каршы, мамлекеттик башкарууга, айыл турмушун көтөрүүгө, соода жүгүртүүдөгү стандарттарды калыбына келтирүүгө, соода базарларынын санитардык абалын жакшыртууга байланышкан мыйзам, программаларды иштеп чыгуу маселелерин да көтөрүштү.

Курманбек Бакиев аял-лидерлердин сунуштарын дээрлик колдоп, аларды эске аларын убада кылды. Ал эми президенттин алдындагы аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүгүү маселелери боюнча улуттук кеңештин макамын жогорулатуу демилгесин Бакиев өкмөттүн жаңы структурасын түзүү учурунда байкаштырып көрмөй болду.

Жолугушуунун соңунда президенттин милдетин аткаруучу аялдарга алардын ойлорунун тактыгы, сунуштарынын конкреттүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG