Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Эмгек мигранттары паспорт менен добуш беришет


БИШКЕК. Кыргызстандын Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранттары президенттик шайлоодо консулдуктан өткөн каттоосу жок туруп эле паспорту менен добуш бере алат. Бул тууралуу 24-майда Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, чет жерде жүргөн атуулдар Кыргызстандагы каттоосу боюнча түзүлгөн тизмеден чыгаруу жөнүндө арыз бергенден кийин иштеген жеринде добуш бере алат деп БШК менен Тышкы иштер министрлиги макулдашты. Ошон үчүн БШК кыргыз атуулдары көп жашаган жерлерде добуш берүүсү үчүн көчмө добуш берүүнү уюштурууга уруксат берген токтом кабыл алуу өтүнүчү менен парламентке кайрылды. Чет жерде жүргөн атуулдар 31-майга чейин шайлоочулардын тизмесин түзүүгө милдеттендирилген, бирок алар анын мөөнөтүн 15-июнга чейин узартууну суранып жатышат. Алар Орусиянын 11, Казакстандын 2 шаарында добуш беришет.

XS
SM
MD
LG