Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

«Хаятта» Конституциялык реформа талкууланды


БИШКЕК. 24-майда «Хаят» мейманканасында «Конституциялык рефома: демократиялык конституциялардын үлгүлөрү» деген аталышта конференция соңуна чыкты. Конференциянын соңку күнүндө бийлик бутактарынын статусу, алардын жоопкерчилиги, ыйгарым-укуктары боюнча талкуу болду. Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Темир Сариев аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңештин ыйгарым-укуктарына токтолуп, өкмөттү дайындоо жана кызматтан бошотуу Жогорку Кеңеш тарабынан жүргүзүлүш керектигин жана депутаттарга кол тийбестик зарылдыгын белгилесе, Медеткан Шеримкулов парламент бийлик системасында татыктуу ордун таап, Жогорку Кенештин депутаттарынын бир бөлүгү партиялык тизме боюнча шайланыш керектигин билдирди. Ал эми Эдил Байсалов парламенттик иликтөө системасы Конституцияга киргизилиш керектигин жактады. Конференция АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан уюштурулган жана ага эл аралык эксперттер да катышты.

XS
SM
MD
LG