Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:16

Бермет Акаева БШК чечимин сотко берет


Мурунку президенттин кызы Бермет Акаева Борбордук шайлоо комиссиясынын 17-майдагы чечимин жокко чыгаруу максатында сотко кайрылаарын 24-майда билдирди. Анын айтымында, шайлоо комиссиясынын №1-Университет шайлоо округу боюнча шайлоону жокко чыгарып, анын депутаттык ыйгарым-укуктарын токтотуусу мыйзамсыз. Бермет Акаеванын билдирүүсүнө караганда, аны Улуттук коопсуздук кызматы аңдып жүрөт жана 24-майда «Алга Кыргызстан» партиясынын Бишкектеги кеңсесинин алдында ага каршы пикетти да атайын кызматтар уюштурган. “Кырктай адам мага каршы чыгышты, ошондуктан мен кеңседен кетүүгө аргасыз болдум. Революция жеңди, ага карабай мени аңдып жүргөндөрүнө түшүнбөймүн”-, деп белгиледи Бермет Акаева. Ал эми Эдил Байсалов Бермет Акаеванын билдирүүсүн текшерип көрүүгө бийликти чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG