Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

ИРАКТА ЖААТТАШТЫК СОГУШ КОРКУНУЧУ БАРБЫ?


Дүйшөмбү күнү Ирактагы АКШлык аскерлерге, Ирактын коопсуздук күчтөрү жана шииттерге каршы жасалган чабуулдарда 50дөн ашуун кишинин каны төгүлдү. Үстөккө-босток чабуулдардан улам шаар-кыштактарда жаатташтык согушу чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар айтыла баштаган эле. Бирок, талдоочулар Ливан, Ооганстан жана Пакистандагыдай сектордук согуш Иракта башталып кетет деген чочулоо негизсиз деп санашат.

Ирактын көпчүлүк эли күткөн каада-салты, үрп-адаты жана диний өзгөчөлүктөрүнө ылайык маале-маале, көчө-көчө болуп жашашат. Андан улам, акыркы күндөрү болгон чабуулдардан кийин өлкөдө жарандык согуш чыгып кетиши ыктымал деген шектенүүлөр күчтүү.

Дүйшөмбү күнү Багдаддын түштүгүндөгү шииттердин Махмудия мечити жанында автомобилчен жанкечти жардырган бомба 7 кишинин өмүрүн алды. 23 киши жарадар болду. Ошол эле күнү түндүктөгү Тал Афар шаарчасындагы шиит уюму жайгашкан имараттын сыртында автомобилге коюлган бомба жарылып, бери дегенде 30 адам өлдү. Жарадар болгондордун саны 20дан ашат. Акыркы жумалардагы кол салууларда шииттер жана сунниттер тараптан кеминде он динаятчы курман болду.

Өткөн аптада Сунни уламалардын ассосациясы бир нече динаятчынын өлүмү үчүн Ирактагы Ислам революциясынын Жогорку Кеңеши менен байланыштагы шиит согушчандардын Бадр бригадасын күнөөлөдү. Ошондон кийин, эл ичинде эки масхап бири биринен өч алууда деген каңшаар да тарады.

Ирактыктар диний масхаптарга бөлүнүп согушуусу мүмкүнбү? Лондондогу Араб жана Иран изилдөө борборунун директору Алиреза Нуризаденин бул суроого жообу мындай:

- Менин оюмча, сектордук согуш жөнүндө сөз кылууга али эрте. Биз Ирактын бир ныптасында жана айрым топтор ичинде гана бул сындуу жүрүм-турум менен аракеттердин белгилерин байкоодобуз. Бирок диний топтордун кызматташуусу жана эриш аркак жашоосу Ирак коомунун негизин түзөрү жалпыга маалым. Акыркы эки кылымда Иракта гана сектордук согуш болгон эмес деп ойлом.

Нуризаде газават маанайын “ал-Каиданын” Ирактагы башчысы Абу Муса Заркави жайылтканы күмөнсүз дейт. Сунни Заркави шииттерди динсиздер деп жарыялап, өз тарапкерлерин аларга каршы газаватка чакырган.

Бирок Нуризаденин сөзүнчө, шийилер менен суннилердин Иракта аракеттенген ырасмий топтору үндөөнү колдошкон жок. Атүгүл Бадр бригадасы сунни динаятчыларын өлтүрдү деген кабар да тастыкталган эмес.

Иракта абдан кадыр барктуу саналган шиит диниятчысы Улуу Аятолла Али Ас-Систани жакында өз үммөтөрүн суннилерден кек албоого үндөдү. Нуризаденин ырасташынча, антиамерикачыл шиит динаятчысы Муктада ас-Садр да бир нече күн илгери кан төгүүлөрдү токтотуу максатында сунни жетекчилерине өз өкүлдөрүн жөнөткөн.

Лондондук экинчи бир талдоочу Жереми Быние шиилер үстөмдүк кылган Ирактын жаңы өкмөтүнүн элди бөлбөө аракетин өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуунун жакшы жышааны катары көрөт:

- Менин оюмча, эки жак абалдын осолдоп кетиши ар бир адам үчүн кооптуу экенин түшүнөт. Ошон үчүн, өкмөткө суннилерди дагы көп тартуу үчүн аракеттер болуп жатканын көрүүдөбүз. Динаятчылардын ирактыктар ирактыктарды өлтүргөндү биротоло токтотуш керек деп элге кайрылып жатканы силерге белгилүү.

Жереми Быние мусулмандар ортосунда сектордук согуш болбогону менен, эки жамаат тез арада ырыс-ынтымакта жашап кетиши күмөндүү деп боолгойт. Анткени, 1932-жылы Ирак негизделгенден тарта өлкөнү суннилер башкарып келген. Саддам Хусейн тушунда 25 миллион элдин 60 пайызын түзгөн шииттер айоосуз кысмакка алынган.

Суннилер январда болгон шайлоого бойкот жарыялашып, 275 орундуу парламентте 17 мандатка гана ээ болушту. Ага шылтап, суннилер азыркы шиит премьер-министр Ибрагим Жафари башындагы жаңы өкмөттө бизге аз орун берилген деп нааразы.
XS
SM
MD
LG