Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

АБДЫЛДАНЫН РЕВОЛЮЦИОНЕР АРГЫМАГЫ, БИР КЕЛГЕН ООМАТ, АКАЕВ ТАРЫХТА КАЙСЫ ЖАГЫ МЕНЕН КАЛАТ?


Жаңы парламенттин иши кандай? Эмне үчүн өлкөсүн сызга отургузуп өлүү дүйнөнү өлчөөсүз жыйып алып, качып кеткен А. Акаевге кары кылмыш иши ачылбайт? 24-марттагы окуяларды ким кандай баалайт? Президенттикке талапкерлердин катары арбууда, дагы кимдер кошулду? Апта башында жарыкка чыккан кыргыз басылмалары ушул жана башка темаларга кайрылышты.

Орусия Ошко аскерий базасын жайгаштырышы мүмкүн экендигин шейшембидеги «Кыргыз руху» гезити маалым кылды. Мындай кабарды Ош облустук «Эхо Оша» гезити орусиялык жооптуу кызматтагы чиновниктин сөзүнө таянып жарыя кылган. Непадам, Орусиянын дагы бир аскер базасы Кыргызстанга жайгаша турган болсо кыйладан бери козголуп келаткан кош жарандуулук маселеси оңуна чечилип калмак, деп белгилейт гезит автору М.Теңирбегенов.

«Калкын жеген кан баркын жейт» болуп кулаган бийлик лидеринин үй-бүлөгө таандык арам байлыгы улам булайып чыгып, шардана болгон сайын көбүбүздүн көзүбүз ачылып, чындыкты тааный баштадык. Мамлекеттик машина жараткан кара тумандуу иллюзия тарады», деп жазат Кален Сыдыкова ушул эле гезиттеги «Оомат» деген макаласында.

«Манастын жети осуятын какшаган каныбыз баягы жылы жалпы эле коррупционерлерди «Манастын арбагы урсун!» деп тилдеп атты эле, арбак өзүн чындап урган экен», деп бүтүм чыгарат автор.

Элдик ыңкылаптын жалыны тутанып турган чакта белгилүү журналист Абдылда Капаров күлүк атына минип алып Акаевдин сүрөтүн учкаштырып, алдына «Мен кызматтан кетүүгө макулмун» деген жазуу менен Ошту кыдырган. Чет элдиктер «революция аргымагына» кызыгышып 100 миң доллар сунуш кылышкан. Абдылда Капаров аргымагын милион долларга да сатпайт.

«Ат менин жаным болсо, анын үстүнө атым улуу окуянын катышуучусу болуп жатса, маа демектен миллиондогон долларды сунуш кылсын, эч качан макул болбойм да», дейт ал.

Генерал К.Садиев «Кыргыз туусу», «Агым» гезиттери аркылуу «Аксы окуясында менин күнөөм жок» деп айтып чыкты. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин тергөө менен сот аныктайт. Бирок да Аксыдагы нааразылык билдирип чыккан элге каршы ок аткандар аскерлер «Тайфун» деген аталыштагы атайын операцияны генерал К.Садиев жетектегенин жакшы билишет, деп маалымдайт Бакай Чилтегин шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде.

А.Акаевдин күйөө баласы А.Тойгонбаев Кыргызстанга келип иш жүргүзгөнү менен бир да жерде өз атын каттатпай, жадесе аялы менен ЗАГСта да турган эмес, «сандаган фирма, ишканаларын да бөлөк ортомчулар» менен жүргүзгөн деп жазат А.Имангазиев «Адил Тойгонбаев ким?» аттуу макаласында.

“Бийликте ыйман болбосо өзүнө окшогон алдым-жуттум, эки жүздүү коомду уюштурат. Тарыхка киргендин баары эле анда жакшы аттуу болуп калбайт”,- деп жазат Вячеслав Тимирбаев шейшембидеги «МСН» гезитинде. Маскөөгө барып жайлуу жерден орун-очок алып, акылын пештегенден кийин А.Акаев мурдагы каршылаштарын, азыркы бийлик ээлерин каралоого өтүп алды. А.Акаевдин аты тарыхта калат, бирок да ал кандай ат менен элдин эсинде сакталат – бул башка маселе. Кийинки муундун эсинде Жорж Вашингтон же Авраам Линкольн катары жакшы ат менен калуу кыйын. Элдин каргышына калган Рафаэль Трухильо, Франсуа Дювалье же Фердинанд Маркостор деле президенттер болушкан, деп белгилейт В.Тимирбаев.

Кыргызстандагы ыңкылаптын тынч өткөнү чоң олжо болду, деп белгилейт Замир Өсөров ушул эле гезиттеги макаласында. Тажикстандагы жарандык кагылыштын капшабынан өлкө эмдигиче чыга албай келатат. Кыргызстандагы бийликтин алмашуусу кан төгүүсүз, чоң чатагы жок өттү.

Өзбекстандагы окуялардан соң эки өлкөнүн чекара кызматынын жетекчилери Ош менен Жалалабатты байланыштырган канжолдогу Ханабад жолун ачып койду, деп кабарлайт шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити. Эки өлкөнүн ортосундагы кыска жол мындан үч жыл илгери жабылган болчу. Кыргызстан Ханабадды айланып өтүүчү 100 чакырым жолду курууга оголе көп каражат сарптап, айласыз абалга көнө баштаган. Аз мурда Карасуудагы чекара көпүрөсү калыбына келтирилип, анын ыраатын эки эл көрүүдө.
XS
SM
MD
LG