Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

ГЕРМАНИЯ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ӨНҮГҮҮНҮ КОЛДОЙТ


Кыргызстанда иш сапары менен болгон Германиянын тышкы иштер министрлигинин Түштүк Кавказ жана Борборазия боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рольф Петер Шульц өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү Германия өкмөтү колдой тургандыгын билдирди. Ал Өзбекстандын Анжиан шаарындагы окуяларды иликтөө үчүн ЕККУ жана Кызыл жарым ай уюму тарабынан комиссия түзүүнү сунуштады.

Рольф Петер Шульс 4 күндүк иш сапарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Роза Отунбаева, Экономикалык өнүгүү министри Амангелди Муралиев, Каржы министри Акылбек Жапаров жана башка бир катар жетекчилер менен жолугушуп, экономикалык кызматташтык тууралуу программаларды, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу талкуулангандыгын белгиледи. Анын айтымында, медициналык жабдыктарды чыгаруу, кичи бизнести өнүктүрүү, экологияны коргоо багытындагы иштерге Германия өкмөтү тарабынан 20 млн. евро грант бөлүнүшү күтүлүүдө. Шульц Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө байланыштуу пикирин төмөндөгүчө билдирди:

- Германияда Кыргызстандагы болуп өткөн окуя абдан зор кызыгууну туудурду. Учурда бул жердеги саясий жана экономикалык өзгөрүүлөргө байкоо салып турушат. Ошондой эле Германия Кыргызстандагы демократиялаштыруу жолун колдоого даяр.

Ал Кыргызстанда алдыда болуучу президенттик шайлоого Германиядан байкоочулар көбүрөөк келишээрин, ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү планына ылайык Германия 100 миң евро бөлөөрүн белгиледи.

Шульц Өзбекстандагы окуяларга жана кыргыз-өзбек чегарасындагы кырдаал тууралуу буларга токтолду:

- Анжианда болуп өткөн окуяга жана андагы көптөгөн курмандыктарга Федералдык өкмөт тынсызданууда. Ошого байланыштуу биздин Тышкы иштер министри ЕККУ жана Кызыл жарым ай эл аралык коому тарабынан көз карандысыз комиссия түзүп, ал окуяны иликтөө сунушун айтты. Кыргызстандын чегарадагы бозгундарга гуманитардык жардам бериши Германия тараптын колдоосуна ээ болууда.

Кыргызстандагы этникалык немистер диаспорасынын жетекчиси Валерий Дильдин пикиринде, Рудольф Шульц менен болгон жолугшууда бир катар гуманитардык, билим берүү, өндүрүш багытындагы программаларды ишке ашыруу талкууланды. Валерий Диль буга чейин Кыргызстандагы коррупциялашкан коомдо, бюрократтык бут тосуулар Германия өкмөтү менен немис диаспорасынын кызматташуусуна жолтоо болуп келгендеп эсептейт:

- Бул багытта Германия эмес Кыргызстан тарап күнөөлүү. Жаңы бийлик бул маселени оң чечүүгө жардам берет деген үмүттөбүз.

XS
SM
MD
LG