Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Иранда эки реформачыл талапкердин арызы кайра каралуусу мүмкүн


Ирандын башкы руханий көсөмү Аятолла ал-Хаменей Ирандын Ислам революциясын көзөмөлдөөчү кеңешинен эки реформачыл талапкер: Мустафа Муин менен Моусен Мехр Ализаденин президенттикке талапкерлигине уруксат бербөө тууралуу чечимин кайра карап чыгууну сунуш кылды. Буга чейин кеңеш тарабынан Ирандагы 17-июнда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары катышууга арыз менен кайрылган миң адамдын ичинен алты гана адамдын арызы канааттандырылган. Көзөмөлдөө кеңеш талапкерлердин адеп-ахлагын жана ислам өкмөтүн колдоор-колдобосун аныктайт. Эгер кеңеш чечимин өзгөртпөсө Ирандагы эң чоң реформачыл партия шайлоого бойкот жарыялоого чакырып жатат. Кечээ кечинде Тегеранда 150 студент кеңештин жетекчилигине нааразылык билдирип чыгышты.

XS
SM
MD
LG