Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Азербайжанда бүгүн Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру ачылат


Бакунун жанындагы салтанатка Азербайжан, Казакстан, Түркия, Грузиянын президенттери, АКШнын энергетика министри Самуэль Бодман баштаган расмий өкүлдөр катышмакчы. Азербайжандын аймагынан соң Грузия аркылуу өтүп, Түркиянын Жер ортолук деңиздеги Жейхан портуна жеткен куурду төшөө иши эки жарам жылга созулуп, 4 миллиард доллар каражат сарпталды. Бул - Каспий деңизин Жер Ортолук деңиз менен туташтурган алгачкы мунай куур. Долбоорго Кошмо штаттары колдоо көргөзгөн. Узундугу 1760 чакырым келген куур аркылуу кара майды экспорттоо эң эрте дегенде быйыл күздө башталат.

Таңкы жаңылыктарды даярдаган - Улан Эшматов,Прага

XS
SM
MD
LG