Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Израилдин премьер- министри дагы 400 палестинди абактан чыгарууга ниеттүү


Ариэль Шарон мунун Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббаска жардам катары мүнөздөдү. Шейшембиде Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө ал Израил менен Палестин автономиясынын ортосунда "ишенимдин жаңы эрасын орнотуу мүмкүнчүлүгү" тууралуу айтты. Жөөт өкмөт башчысы ошондой эле Израилдин Иордандын Батыш жээгиндеги калган шаарларды да палестин коопсуздук кызматтарынын көзөмөлүнө берүүгө даярдыгын билдирди. Быйыл февралда Египетте болгон саммитте жетишилген макулдашууларга ылайык, Израил буга чейин палестиндерге Тулкарм жана Йерихон шаарларын өткөрүп берип, 500 дөй адамды абактан чыгарган.

XS
SM
MD
LG