Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Женевада бүгүн Евробиримдик менен Ирандын ортосунда чечүүчү сүйлөшүүлөр болот


Иран менен Евробиримдиктин ортосунда Тегерандын өзөктүк программасына байланышкан сүйлөшүүлөрдүн бүгүнкүсү чечүүчү талкуу катары каралууда. Евробиримдик тараптан ага уюмдун жетекчилигин өкүлү Хавьер Солана, Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери катышат. Ирандын өкүлү Хуссейин Мусавиандан даярдык ирээтиндеги кечээги сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргенине караганда, тараптар азыр татаал
баскычта турат жана ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн 50-50 деп гана баалоого болот:

-Биз сүйлөшүүлөрдүн мазмуунуна байланыштуу өтө оор абалда турабыз. Ийгиликке жетүү мүмүкүнчүлүгүбздү 50-50 деп гана баалайм.

Ал эми Евробиримдиктин өкүлү Кристина Галлах алар оптимисттик маанайда экенин айтып, сүйлөшүүлөр жыйынтык макулдашууга жеткенге чейин уланаарына ишеним билдирди. Ирандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хамид Реза Асефинин айтымында, эгер европалыктар бүгүнкү жыйында ачык сунушун айтпаса, сүйлөшүү токтотулушу мүмкүн. Евробиримдик өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келген Иранды андан баш тартууга ынандырууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG