Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Борбор Азиядагы коопсуздук кырдаалы Швециядагы жолугушууда талкууланууда


Бул жерде НАТОго мүчө жана анын Түндүк Африка, Кавказ, Борбор Азия чөлкөмүндөгү өнөктөш өлкөлөрдөн келген өкүлдөрдүн коопсуздук маселелерине арналган сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Кечээ башталган жыйында Борбор Азиядагы коопсуздук кырдаалына, НАТОнун мурдагы советтик республикалар, Жер ортолук деңиздин айланасындагы өлкөлөр менен өнөктөштүк программаларына көңүл бурулуп жатат. Конок ээси,Швециянын тышкы иштер министринин билдиргенине караганда, Өбекстан жыйынга өз өкүлү жиберилбегендиги боюнча түшүндүрмө берген жок. Өзбек президенти Ислам Каримов азыр аскерлери жакында Андижанда элге ок атканы үчүн эл аралык кысымга кабылып жаткан кез. Өзбек өкмөтүнүн ырастоосу боюнча 13-майда башталган кагылышууларда аскерлерди, жөн -жай адамдарды, согушкерлерди кошкондо 169 адам мерт болгон. Ал эми укук коргоочулар анда өмүрүнөн айрылгандардын саны 1000ге жетиши мүмкүн деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG