Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН БАШКЫ МАКСАТЫ ЭМНЕ?


25-майда ушул жылдын 10-июлунда боло турган президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктады. Ушул күнгө карата талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендер менен шайлоочулар көрсөткөндөрдүн жалпы саны 20 болду. Булардын президенттик шайлоого катышуусунун башкы максаты эмне?

Ушул тапта президенттикке талапкер болом деп, Борбордук Шайлоо комиссиясына арыз бергендердин жалпы саны 16. Алардын ичинде берген арызын кайтарып ала элек Феликс Кулов, Баяман Эркинбаев, Алмаз Атамбаев да бар. Булардан тышкары президент боло алат деп шайлоочулардын чогулушу көрсөткөн Азимбек Бекназаров, Амангелди Муралиев жана Абдыгул Чотбаев арыздарын БШКга бере элек. «Коомдук уюмдар тилектештиги» президенттикке көрсөткөн Дастан Сарыгуловдон да арыз түшө элек, бирок жыйналыштын протоколу БШКнын кароосунда турат.

Ал эми БШКга арызын берген 16 талапкердин ичинен тил комиссиясынын сынагынан канчасы өтүп, талапкер деген макамга ээ болору али белгисиз. Бирок алардын ичинен азырынча көбүнүн президенттикке талапкер катары Кыргызстандын келечек өнүгүүсүнө жол ача турган конкреттүү программасы эл оозуна алына элек. Ушундан улам саясат таануу илимдеринин доктору Алыбек Акунов мамлекет башчылыгына талпынгандардын максаты ар кыл деп баалайт:

- Талапкерлердин курамы ар кандай адамдардан турат. Эми булардын жалпы бир кызыкчылыгы бар деп айтыш кыйын. Алардын арасында соодалашуу кызыкчылыгы бар. Айрымдары буга чейин коомчулукка билинбей келгендиктен өздөрүн көрсөтөлү деп жаткандыр…

Ал эми айрым байкоочулар талапкерлерди Кыргызстанды жакшы башкарып өнүктүрүү максаты эмес, кыска мөөнөттүү жеке кызыкчылыктар жарышка аттантып жатат деген пикирде. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдыжапар Тагаев да ушундай көз карашта:

-Арыз бергендердин кээ бири аты-жөнүмдү чыгарып коеюн деп жатат. Ал эми айрымдары мурунку бийликтин убагында таза эмес иштеген. Эми артымдан түшпөсүн деп соодалашуу үчүн президенттикке аттанып жатышат. Соодалашкандан кийин аман-эсен калып каламбы деген ойдо болуп турушат.

Ал эми «Акыйкат» партиясынын өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев саясатчылардын мындай баасына макул эмес. Анын айтымында, ал президенттикке Кыргызстанда акыйкаттыкты орнотуу максаты менен жарышка чыкты. Себеби, 24-мартта бийликти антиконституциялык жол менен тартып алуу болуп, мыйзам тебеленди дейт Кеңешбек Дүйшөбаев:

- Экономикабызда, жашообузда, саясатта туруктуулук, акыйкаттык жоголду. Ошон үчүн биз «Акыйкат» деген партияны атайы түзүп, акыйкаттуулук үчүн күрөшүп, коомубузда Конституцияны, мыйзамдуулукту сактоо жана акыйкаттыкты бекем орнотуу үчүн ушундай ат салышка түшүүнү чечтик.

Президенттикке ат салышкан үч аялдын бири Токтайым Үмөталиева болсо соодалашуу же башка максат менен эмес Кыргызстанды өнүктүрүүнүн мындан аркы жолу тууралуу ири бейөкмөт уюмдар жана талапкерлер тобу даярдаган программаны ишке ашыруу, аны элге жеткирүүнүн бир жолу катары президенттик жарышка түшкөндүгүн билдирди:

-Мен өзүмдүн жазган программаларым бар. Маселен, «Кыргыз-Евразия модели» деп мамлекеттин өнүгүүсүнүн жаңы моделин жазып чыктым. Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун талапкерлердин тобу менен бирге даярдадык. Анын баарын конституциялык кеңешмеге сунуш кылдык. Бирок аларга биздин маалыматыбыз жеткен жок. Ошон үчүн өз үнүбүздү элге жеткирүү үчүн саясий аянт керек.

Азыр тизмедеги талапкерлердин анык саны эми тил комиссиясынын сынагынан жана аларды колдоочу элдин колун топтоодон кийин такталып, чыныгы жарышка түшчүлөрдүн басыгы сынга түшөт.

XS
SM
MD
LG