Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

АНЖИЯНДАГЫ ТҮРМӨДӨН ЧЫККАНДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?


Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагына 14-майда качып келген өзбекстандык жарандардын арасында Анжияндагы түрмөдөн чыгарылгандардын 12 өкүлү дагы бар. Алардын айтымында ишкерлик менен шугулданган бул жигиттер Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан экстремист, террорист жана диний “Акрамий” уюмунун өкүлдөрү деген жалган жалаалар менен түрмөгө камалышкан. Айрымдары он бир ай түрмөдө болушуп, алардын үстүнөн башталган сот иши аяктабай 13-майдагы кандуу окуянын алдында эл тарабынан бошотулушкан.

Анжияндагы тынч митингдин катышуучуларына ок атылгандан кийин башка адамдар менен бирге түрмөдөн бошотулган кишилердин он эки өкүлү да Кыргызстан тарабына качып өтүшкөн. 14-майдан бери алар өз жердештери менен облустун Сузак районунда баш калкалап турушат. Артыгалы Акбаровдун айтуусуна караганда, аны Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы туура эмес айыптап камакка алган:

- Мен карапайым ишкермин. Экстремистсиң, акрамийсиң дешип мен билбеген күнөөлөрдү коюшканын айыпты угузгандан кийин билдим. Мекемеде кыйла сурак жүргүзүп, аябай текшеришти. Бизге жалган жалаа жабышты. Бул нерселерди өкмөт өзү уюштурган. Бизди туура эмес айыптап камашты. Каримов туура эмес айтып жатат. Өзбек бийлигинен аябай тойдук.

Анжиянда көп эл жайрап калган козголоңго Шамсуддин Атаматов аттуу ишкер да катышкан. Ал да жогорудагыдай айып менен камакта он бир ай отурган:

- Мени да экстремист, террорист деп камашып, түрмөдө он бир ай болум. Менде эч кандай баракчалар болгон эмес. Анжиянда тынч митинг өтүп жаткан. Куралдуу аскерлер жапырт кыргын баштаганда ушул жака качып өтүүгө мажбур болдук.

Анжияндагы транспорт мекемесинин башчысы Бурханиддин Нурдинов жана башкалар Кыргызстанга өтөөрдө колдорунда эч кандай курал болбогондугун, кыргыз чегарачылары аларды дыкат текшергенде да шектүү эч нерсе табылбагандыгын билдиришти:

- Менин үстүмөн да мажбурлап тергөө жүргүзүштү, уруп-токмоктошуп кыйла ыдык көрсөтүштү. Тергөө бүтүп, сот башталаарда эл башкалар менен бирге мени да бошотуп алышты,- деп Кыргызстанга кандайча келип калган себебин түшүндүрдү Бурханиддин Нуридинов.

Ал эми облустагы чегара жана ички иштер кызматтарынын жетекчилери түрмөдөн чыккандардын тизмеси Өзбекстанга берилгендигин, бирок ал жактан али жооп боло электигин, алардын мындан аркы тагдыры тууралуу пикир айта албай тургандыктарын маалымдашты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG