Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

СТАМБУЛДА БИР НЕЧЕ СААТТАН КИЙИН ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫНЫН ФИНАЛЫ БАШТАЛАТ


Бир нече сааттан кийин “Милан” менен “Ливерпулдун” матчы менен Европалык футболдун быйылкы сезону аяктайт. Чемпиондор Лигасынын кубогу үчүн финалдык беттешүү Стамбул шаарында өтөт. Ышкыбоздор үчүн мындай матчтар жөнөкөй спорттук таймаш гана эмес, чыныгы майрам болуп калган.

“Силерди эч качан жалгыз калтырбайбыз”, - дешет Англиянын жумушчулар жашаган портунан чыккан клубдун күйөрмандары.

Алардын бири Дэвид Алан “Ливерпул” стадионунун жанындагы гезит дүкөнүнүн ээси:

- Ышкыбоздордун баары күүлөнүп, бүйрү кызып турат. Азыртадан эле желектерди машиналарына кадап алып, майрамга даярдана башташты.

“Ливерпул” Чемпиондор Лигасынын финалына акыркы жолу 1985-жылы чыгып, Италиянын “Ювентусуна” утулуп калган. Бирок беттешүү учурунда чыккан тополоңдо италиялык 39 күйөрман ажал таап, матч кайгылуу аяктаган.

“Ливерпул” эң мыкты европалык клуб деген наамды 4 жолу, “Милан” – 6 жолу, ал эми “Реал Мадрид” 9 жолу жеңген.

Дэвид Алан өзү жакшы көргөн клубунун 4 жеңишине тең күбө болгон. “Стамбулга 20-50 миңге жакын ышкыбоз учуп барабыз, бирок көптөрү матчка билет алыша элек”, - дейт Алан.

“Ливерпулду” бул таймашта испаниялыктар да колдоп, күйөрман болушат, - дейт клубдун башкы машыктыруучусу, испаниялык Рафаэл Бенитес. Командада бир нече жылдыз - испаниялык Хави Алонсо, чех Милан Барош, англиялык Стивен Геррард ойношот.

“Милан” баалуу байгени (трофейди) 2 эле жыл илгери утуп алган. Клубдун ээси - Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони. Команданын жеңиши миллиардерге саясий упай да алып келмекчи.


- Футболисттер утушса, Берлускони абдан кубанат, утулуп калышса, бардыгыбыздай эле абдан кайгырат, - дейт Милан шаарынын борборундагы “Il Consolare” ресторанында иштеген Жанни Росси.

“Милан” - дүйнөлүк футболдун жылдыздарын камтыган абройлуу клубдардын бири. Жылдын эң мыкты европалык футболчусу украиналык Андрей Шевченко, Италиянын ардагер оюнчусу Паоло Малдини, грузиялык Каха Каладзе, бразилиялык Кака сыяктуулардын ысымын айтуу эле эмнеге турат.

Ливерпул Англиянын Премьер Лигасында 5-орунду эле ээлегени менен, европалык аренада өзүн мыкты жагынан көрсөттү десек болот. Финалга карай жолунда команда жердештери “Челси” клубунун оюнчуларын, Италиянын быйылкы чемпиону “Ювентусту” артта калтырды.

Бирок дүйнөдөгү эң ылдам чуркаган футболчу, 22 жаштагы Кака англиялыктардын тосмолорунан оңой эле өтүүгү даярданып жатат көрүнөт:

- Алар 4 кишиден болуп эки катарга тизилип ойношот. Оюн талаасынын орто ченинин артында бир аз бош жер калат. Мен ошондон пайдаланууга аракет жасайм, - деп ачыктайт өз стратегиясын Кака.

Италиялык ышкыбоздор, англиялыктардан айырмаланып, матчты үйдөгү телевизорлорунан көрүүгө артыкчылык беришет.

- Кечинде ресторандар дээрлик бош калат, күйөрмандар экрандарды тиктеп отурушат Мындай оюндарды адатта эл калтырбай көрүп, анан аны дагы көпкө жоро-жолдоштору менен талкуулашат. Спорт ышкыбоздору үчүн бул майрамга тете, - дейт Жанни Росси.

Арийне, Миландагы майрамды Ливерпулдагы шаан-шөкөт менен салыштырып болбойт. “Каверн Клуб” Ливерпул оюнчулары утса да утулса да, матчты белгилөө үчүн 5 күн бою музыкалык фестивал өткөргөнү жатат, - дейт айтылуу түнкү пабдын (ресторандын) ээси Билл Хекле.

- Бир нече жолу клубга Пол Маккартни келип ырдап берген. Шаардын муниципалитети өткөргөн изилдөөгө ылайык, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун “Ливерпул” дегенде эл дароо эки жооп узатат: бири - футбол клубу, экинчиси – “Битлз”, - дейт Хекле.
XS
SM
MD
LG