Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Бишкекте үй куруу боюнча 5 жылдык программа иштелүүдө


БИШКЕК. Учурда Бишкек мэриясында үй куруу боюнча 5 жылдык программа иштелүүдө. Бул тууралуу 25-майда шаар мэринин милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. Учурда Бишкектин чет жакаларында көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн 137 гектар жер даярдалды. Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселесин иликтөө үчүн Кытай, Орусия, Казакстан, Түркия, Иран, Түштүк Кореянын курулуш компанияларынан жана башка өлкөлөрдөн эксперттер келишүүдө. Аскар Салымбековдун айтымында, мэрия тарабынан жерге муктаж адамдардын маселеси да чечилүүдө. Учурда жер алууга 70 миң адам жазылган. Алардын ичинен 25 миң адам гана иш жүзүндө жерге муктаж экендиги тастыкталды. Буга чейин жер үлүшкө муктаж адамдарга Сокулук районунан 302 га жер чегерилген.

XS
SM
MD
LG