Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Осмонакун Ибраимов 13 миң 500 АКШ долларын мамлекеттик казынага төктү


БИШКЕК. Мурдакы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов 13 миң 500 АКШ долларын мамлкекеттик казынага кайтарып берди.Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын маалымдашынча, өткөн жылы 10-июнда Чолпоната шаарында өткөн"Евразия ХХI кылымда: маданияттардын диалогубу же цивилизациялардын карама-каршылыгыбы?" аттуу эл аралык форумду америкалык CNN телеканалына көрсөтүү демилгисин Осмонакун Ибраимов көтөрүп чыккан. Мамкатчы аталган телеканалга көрсөткөн кызматы үчүн 40 миң АКШ долларын демөөрчүлөр аркылуу төлөп берүүнү макулдашкан. Ал сумманы убагында демөөрчүлөр толук төлөп беришпегендиктен, Осмонакун Ибраимов президенттик администрациянын эсебинен13 миң 500 доллар каражатты которуу жолу менен төлөттүргөн.

XS
SM
MD
LG