Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

АЛ-ЗАРКАВИНИН ЖАРАДАР БОЛУШУ ЖӨНҮНДӨГҮ КАБАРДЫ АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР ЭТИЯТ КОММЕНТАРИЯЛАШУУДА


“Ал-Кайида” согушкер тобунун веб баракчасында жарыяланган маалыматка ылайык, Кошмо Штаттары тарабынан изделип жаткан террорист ал-Заркави Иракта жарадар болду. Мусулмандарды анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууга чакырган катта, ал-Заркавинин кандай жагдайда, качан жаракат алганы айтылбайт. Вашингтон анын башына 25 миллион доллар акча сайган. Жан кечтилердин кол салуулары, чет элдик жарандарды барымтага алып, көздөрүн тазалоо өңдүү карасанатайлыктардын артында ал-Заркави турат деген АКШнын аскерий өкүлдөрү соңку кабарды этият комментариялашууда.

Абу Мусаб ал-Заркави Ирактагы америкалык аскерлер артынан сая түшүп издеген адамдардын бири. Анын башына сайылган акчанын көлөмү террорист жана анын кол астындагылар 2 жылдан бери созулуп келаткан козголоң учурунда жасаган кылмыштардын оордугун далилдейт, - дешет байкоочулар.

Вашингтон 37 жаштагы теги иорданиялык согушкер бир катар кандуу чабуул, анын ичинде БУУнун Багдаддагы кеңсесин жардыруу, шийи-динаятчысы ал-Хаким жана анын жанындагы 50гө жакын карапайым кишинин өлтүрүлүшү өңдүү кол салуулардын артында турат деп эсептейт.

Ал-Заркави ошондой эле бир нече чет өлкөлүк жарандын уурдалып, жок кылынышы үчүн да жоопкерчиликти өзүнө алган. Алардын кээ бирлерин Заркави өз колу менен мууздаган деп болжолдонууда.

Террористтин өлүмү Ирактагы кырдаал өзгөрөт дегенди билдиреби? Ушундай суроо менен “Азаттыктын” кабарчысы Роберт Парсонс Шотландиядагы Сэнт Эндрюс университетиндеги изилдөө борборунун жетекчиси Магнус Рансторпко кайрылды.

Рансторп эми Заркави кээ бир жергиликтүү кишилер үчүн азапкөй-каарманга айланып калышы ыктымал дейт:

- Аны кармап, соттоо, көзүн тазалагандан көрө жакшыраак болмок. Аны сот жообуна тартууга негиз бар эле, айрыкча БУУнун кеңсесиндеги жардыруу үчүн. Менимче, анда айрым ирактыктар үчүн козголоң мыйзамсыздаштырылмак.

Дагы бир такталбаган маалыматтарга караганда, ал-Заркави өпкөсүнөн жаракат алган.

Ирактагы америкалык армиянын басма сөз катчысы полковник Стивен Бойлан мындай маалыматтарды төгүндөө же тастыктоо азырынча мүмкүн эмес деди.

Аскерлердин айрым расмий өкүлдөрү балким жалган маалымат таркатуу менен, согушкерлер ал-Заркавинин колго түшүрүлүшүн жана анын үстүнөн сотту болтурбоону көздөп жатышат деп болжолдошот. Бир нече күн мурун анын 20га чукул жакын кишилери кармалган.

Багдаддын көчөлөрүндөгү элдин пикирин сурап билүү көргөзгөндөй, ирактыктардын көпчүлүгү ал-Заркавиге жан тартпайт:

- Ал чындап эле бар болсо, батыраак эле өлүп жок болушун тилейм. Ирак элине көп жамандык жасады, - дейт бирөө.

Экинчиси болсо буларды кошумчалайт:

- Биз Заркави жарадар болду деп уктук, ал бейкүнөө балдардын, аялдардын өлүмү үчүн жооптуу. Карасанатайлыгы үчүн аны кудай жазаласын.

XS
SM
MD
LG