Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Ирактын Хадита шаарында америкалык аскерлер ири операцияны ишке ашырууда


Бүгүн Ирактын Хадита шаарында куралчан топторго каршы ири операция жүргүзүлүп, ага жүздөгөн америкалык аскерлер катышууда. Бул Анбар провинциясында акыркы бир айдын ичинде жүргүзүлүп жаткан экинчи ири операция. Аталган аймак Сирия менен согушкерлердин таяныч пункту -Рамадинин ортосундагы негизги жолдо жайгашкан. Бүгүн Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари Сириядан Иракка кирип жаткан согушкерлердин жолун тороосун талап кылды. Министр ошондой эле Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, АКШ аскерлеринин Ирактагы мандатын узартууну өтүнө тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG