Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Азербайжанда Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун ачылуу салтанаты болду


Бул куур аркылуу мунай батыш өлкөлөрүнө Орусияны кыйгап өтүп, ташылмак болду. Куурдун ачылуу аземине Азербайжандын, Грузиянын, Казакстандын, Түркиянын президенттери жана АКШнын энергетика министри катышышты. Түркиянын президенти аземде Ахмед Неждет Сезер мындай деди:

- Жаңы мунай кууру -Батыш менен чыгыштын ортосундагы энергетикалык далистин маанилүү бөлүгү деп атасак болот, бул 21-кылымдын "жибек жолу". Aл бүтүндөй региондун экономикалык өнүгүүсүндө чоң роль ойнойт.

Жалпы курулуш наркы 4 миллиард долларды түзгөн куурду Бритиш Петролеум консорциуму АКШнын жардамы менен жаткырды. Мунайдын экспорту быйыл күзүндө башталат.

XS
SM
MD
LG