Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Анжияндагы окуяларга байланыштуу Өзбекстанда дагы 97 киши камалып, алардын 52си тергөөдө


Өзбекстандын Баш прокурору Дехканов Анжиян шаарында 13-майда болгон окуяларга байланыштуу бүгүн дагы 97 киши камакка алынганын, алардын 52си кандуу калабаларга тийешеси бар деген шек менен тергөөгө алынып жатканын айтты. Өзбекстандын бийликтери Анжиядагы окуяларда 169 киши курман болгондугун, ал эми өзбек оппозициясы өлгөндөрдүн саны 1000 кишиге бара турганын айтып жатышат. Камакта кармалып жаткандардын бирөө-укук коргоочу Саиджахон Зайнабитдинов. Бүгүн анын бошотулуусун талап кылып, Өзбек өкмөтүнө Хьюман Райтс Уотч укук коргоо уюму расмий түрдө кайрылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG