Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:49

Анжиян окуяларына эл аралык иликтөө өткөрүүгө Ислам Каримов каршы


Анжиян окуяларына эл аралык иликтөө жүргүзүүгө өзбек президенти Ислам Каримов кечээ күнү дагы бир жолу каршы чыкты. Бириккен Улуттардын өкүлүнүн айтымында, өткөн аптада Каримов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, андай иликтөө жүргүзүүнү баш катчы Кофи Аннан дагы сунуштаган, бирок өзбек сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, Каримов андай сунуш болгон эмес деп билдирди. Анын айтымында, өз аймагындагы окуяга өзбек жетекчилиги өзү биринчи тергөө жүргүзүүгө укуктуу жана андан кийин гана чет өлкөлүк эксперттерди чакыруу мүмкүн. Кечээ күнү Каримов Бээжинге келди жана сапар учурунда капиталы 600 миллион долларга жеткен биргелешкен мунай ишканасын түзүү тууралуу келишимге кол коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG