Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай кууру ишке киргизилди


Кечээ күнү Бакы шаарынын алдында Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай кууру ачылды жана Каспий деңизинин айланасында өндүрүлгөн мунай Грузияынын аймагы аркылуу Түркиянын Жейхан портуна агыла баштады. Ачылыш аземине Азербайжан, Грузия, Казакстан жана Түркиянын президенттери менен кошо АКШнын кубат министри Сэмюэл Бодман катышты. Азери президенти Илхам Алиевдин айтымында, куурдун иштеши Азербайжандын өнүгүүсүндө чечүүчү мааниге ээ:

"Акыркы жылдарда мунай маселеси жана аны менен байланышкан Кылым келишими Азербайжандын өнүгүүсүндө чечүүчү мааниге ээ болду. Бул келишимдин аткарылышы өлкөнү жаңылантты жана анын өнүгүүсүнө жаңы дем берди, мен ишенем, Азербайжан жакын арада күчтүү мамлекетке айланат", - деди Илхам Алиев. Куурдун узундугу 1760 чакырым, долбоордун наркы болсо төрт миллиард доллар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG