Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАТЫЛАБЫ?


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев 26-майда билдирүү жасап, аткаруу бийлигинде парламентти таратуу жөнүндө ой жок экендигин ачыктады. Бирок бир катар депутаттар ага ишенбей турат.

Жогорку Кеңешти таратуу идеясы 24-марттагы ыңкылаптын негизги талаптарынын бири болгону белгилүү. Бирок ал аткарылбай калды. Ошондуктан парламентти таратуу тууралуу чакырыктар эл оозунда да, саясатчылар тарабынан да айтылып келатканы белгилүү. 26-майда Жогорку Кеңеште бул маселе боюнча президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым-укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев Курманбек Бакиевдин атынан билдирүү жасады:

- Кийинки күндөрү айрым маалымат каражаттарында Жогорку Кеңеш жакын арада таркатылат деген сөздөр айтылып жатат. Курманбек Салиевич расмий түрдө айтып коюуну суранды эле, мындай имиш сөздөрдүн биз биргелешип аткарып жаткан иштерге эч кандай тиешеси жок жана бул сөздөр чындыкка коошпойт.

Билдирүүдө Конституциялык реформага байланыштуу маселе да козголуп, анда бул ишти шашпастан жүргүзүп, элдин катышуусу менен чечим кабыл алуу зарылдыгы белгиленген.

Данияр Нарынбаевдин билдирүүсү депутаттарды ынандырган жок. Алардын бири Мелис Эшимканов буларды билдирди:

- Европарламент делегациясы менен сүйлөшүүдө да Отунбаева парламент тараш керек деп бекем, катуу айтты. “Эхо Москвы” радиосуна берген маегинде да белгиледи. Менин оюмча ал кишинин оозу менен азыркы бийлик ажыдаардын башын кылтыйтып жатат. Мен ишенбейм буга.

Анын пикиринде, Конституция боюнча шашпаш керек деген сөз да бекер айтылган жок. Демек, Конституциялык кеңешменин ишине тоскоолдук жасалышы ыктымал.

Парламент таркатылат деген сөздөргө карата депутат Исхак Масалиевдин пикири мындай болду:

- Ар бир парламент шайлангандан кийин бир айдан кийин ушундай сөздөр чыгат.. Мен он беш жылдан бери байкам келатам. Бул ирет да парламент жоюлуш керек деген сөздөр чыгууда. Конституция өзгөргөндөн кийин парламент жаңы принципте шайланыш керек деген да сөз бар. Мен андай пикирди колдоймун.

Депутат Марат Султанов парламент мындай сөздөрдөн коркпой өз милдетин так аткара бериш керек деген пикирде:

- Менин оюмча парламент эч кимден коркпош керек. Эгерде өзүбүздүн функциябызды туура аткарсак эч ким тарката албайт. Таркатуу жолдору Конституцияда так жазылган. Эгерде премьер-министрди бекитпей койсок, өкмөткө ишеним көрсөтпөй койсок. Бул Конституцияда көрсөтүлгөн учурлар. Башка учурлар жок.

Жогорку Кеңеш таратылбайт деген сөз башкача таасир эткен депутаттардын бири Кубатбек Байболов болду. Данияр Нарынбаевдин сөзүн кандай кабыл алганын ал мындайча билдирди:

- Конституциялык реформа жакында болбойт. Биз өкмөт тарабынан буга каршылык көрсөтөбүз. Шашпайлы дегенди ушундай түшүнүш керек да. Эгерде каршылаша берсеңер силерди таркатуу маселесин коебуз деген ишара го.

Конституциялык кеңешменин жыйындарында Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 105ке жеткирүү сунушу колдоого ээ болуп жатканы белгилүү. Эгерде бул ишке ашса, анда Жогорку Кеңеш Конституциялык реформадан кийин, болбоду дегенде, сан жагынан өзгөрөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG