Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДА


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эл аралык миссиясы Кыргызстанда 10-июлда өтө турган президенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Узак мөөнөткө келген 26 байкоочу жекшемби күнү өлкөнүн аймактарына жөнөп кетишет.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстанда алдыда өтүүчү президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү максатында ишин баштады. Анын курамындагы шайлоолор боюнча 15 эксперт Бишкекте болот. ЕККУга мүчө 21 өлкөдөн 26 байкоочу узак мөөнөткө өлкөнүн аймактарына жекшембиде жөнөтүлөт.

Ал эми шайлоо өтүүчү 10-июлга жакын аталган бюрого 300 байкоочу кыска мөөнөткө келип, Кыргызстандын баардык аймактарында шайлоо участокторунун ачылышына, шайлоонун жүрүшүнө, добуш берүү бюллетендерин саноого жана анын эсебине байкоо жүргүзүшөт.

ЕККУнун байкоо жүргүзүүчү миссиясынын жетекчиси Любомир Копай миссиянын милдеттери тууралуу буларга токтолду:

- Таза, акыйкат шайлоого Кыргызстандагы шайлоочулар менен талапкерлер бирдей укукка ээ. Ал укук, айкындык, тең укуктуулук, альтернативдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк. Биз президенттик шайлоо эл аралык стандартта өтөөр-өтпөсүнө, жогорудагы эрежелер сакталышына байкоо жүргүзөбүз.

Учурда президенттикке айрым талапкерлер административдик ресурстар пайдаланылып жатат деген пикирлерин айтып жатышканы белгилүү. Любомир Копай андан кабардар экендигин билдирди:

- Мен беш-алты талапкер менен жолугуштум. Биздин миссия боюнча ар бир талапкерди потенциалдуу президент катарында бааларыбызды белгилеп кетким келет. Мен жолугушкан талапкерлердин көз караштарын, пикирлерин абдан ынтаа коюп уктум. Алардын айткан дооматтары тууралуу жакшы билем. Ал жөнүндө биздин узак мөөнөттөгү байкоочулар жекшемби күнү алыскы аймактарга барганда сурамжылашат.

ЕККУнун байкоо жүргүзүүчү миссиясынын жетекчиси Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкмөт үйүндө жайгашуусуна эл аралык уюмдар каршы экендигин, БШКаны башка имаратка көчүрүү сунушу менен кыргыз бийлигине кайрылуу жолдошконун белгиледи.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Тышкы иштер министрлигинин мурдакы имаратына жакын арада көчүрүлөөрүн, учурда ал имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатканын аталган комиссиядан билдиришти.

Любомир Копай 27-февралда жана 13-мартта Кыргызстанда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросунун миссиясы 40 барак 57 сунуштан турган отчетунун орусча котормосун даярдаганын жарыялады. Отчетто парламенттик шайлоо учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы баш болгон айрым окуругдарда мыйзам бузууларга жол берилгендиги, добуш сатып алуу, аткаруу бийлигинин шайлоочуларга жасаган кысымы жана башка терс көрүнүштөр толугу менен жазылган.

XS
SM
MD
LG