Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

15-АЗИЯ ОЮНДАРЫНА КАРАТА ОЛИМПИАДАЛЫК ЭСТАФЕТА


Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык спортчулар үч ирет Азия оюндарына катышып, байгелүү орундарга жеткен. Эми кезектеги 15-Азия оюндары келээрки 2006- жылдын декабрь айында Катар өлкөсүнүн борбору Доха шаарында өткөрүлөт. 25- майда Кыргызстанга 15-Азия оюндарын уюштуруу комитетинин өкүлдөрү келишти.

Катардагы оюндарга катышуу үчүн Азия аймагындагы 44 өлкөнүн спортчулары даярдык көрүп жатышат. Катардагы Азиянын олимпиадалык оюндары 1- декабрда башталып 15- декабрга чейин улантылат. Кыргыз жергесине келген чакан делегациянын жетекчиси, 15-Азия оюндарын уюштуруу комитетинин кызматкери Ди Генри Доха шаарында курулуп жаткан спорт жайлардын 90 пайызы бүткөнүн, оюндар спорттун 39 түрү боюнча болоорун, шахмат таймаштары Азия оюндарынын программасына алгач ирет кошулуп жатканын белгиледи. Азия оюндарын өткөрүү үчүн имараттарды курууга 3 миллиардга жакын америка долларын Катар өкмөтү чыгымдаганын, мелдештерге чейин 4 миңден ашуун маданий иш- чаралар болоорун билдирди. Азия аймагында достукту чыңдоо жана улуттар ынтымагына данакер болуу максатында 40тан ашуун мамлекетте факелдик эстафета жүрүш уюштуруу үчүн Борбор Азия өлкөлөрү менен кеңешүүгө келишкенин айтты:

- Факелдик эстафетаны өткөрүү үчүн эмдиги жылы август айында Катардан 50гө жакын киши келебиз. Алардын катарында 15-Азия оюндарын уюштуруучулар, эл аралык журналисттер, факелдик жүрүштүн катышуучулары болот. Ошондой эле Катардагы Азия оюндары, факелдик жүрүштөр тарыхта биринчи жолу “Хейтч-ТВ” телекомпаниясы тарабынан чагылдырылып турат. Азиянын 40тан ашуун өлкөсүн кучагына алган олимпиадалык от - факелдик жүрүш менен эмки жылдын 8- ноябрында Персид булуңуна жетип, 1- декабрда Доха шаарындагы олимпиадалык стадиондо жагылат.

15-Азия оюндарын уюштуруу комитетинин өкүлдөрү менен жолугушууда факелдик эстафетанын үч варианты каралганын, таймашууларга азыртан даярдык көрүүнүн зарылдыгын өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев мындайча билдирди:

- Кыргызстандын спортчулары азыртан даярдык көрсө, Катарда 10дон ашуун медаль жеңип алууга мүмкүнчүлүгү бар. Эстафеталык жүрүш 44 өлкөнү кучагына алат. Учурда кеңешип, бир жыйынтыкка келе элекпиз. Каражат маселесине байланыштуу эстафетаны өткөрүүнүн ылайыктуу варианты тандалат.

Олимпиадалык эстафетаны өткөрүү боюнча демөөрчүлөр табылса, Кыргызстандын бүт аймагын, райондорун кучагына алса, ден соолук, спортко чакырык болоор эле дейт улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев.

Катардан келген меймандар Кыргыз жергесинин кооз жаратылышына суктанып, эки өлкөнүн спортчулары биргелешип машыгууларды өткөрсө дурус болоорун айтышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG