Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

ТАРТИП КОРГОО ОРГАНДАРЫ ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛАБЫ?


24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тоноолор боюнча бир нече кылмыш иши ачылып, айрымдары сотко өткөрүлүүдө. Алардын арасында соода кызматкерлеринин кесиптик кошуну тарабынан Ички иштер министрлигине каршы сотко берилген арыз саясий талашка айланып барат.

24-марттагы талап-тоноолор боюнча тартип коргоо органдарына жалпысынан 720 арыз түшкөн. Анын 390у текшерилип, 77 арыз ээсинин талап-тонолгон дүкөнү же имараты тууралуу расмий маалымат жоктугу аныкталган. Калган 177 арыз текшерилип жатат. Булардын ичинен «Гоин», «Дордой-Плаза», «Ысыккөл», «Мергенчи» деген соода борбор ээлеринин берген арыздары азыр саясий катуу талаш пайда кылды. Анткени, аталган дүкөн жетекчилеринин арызынын негизинде соода кызматкерлеринин кесиптик кошундарынын борбордук комитети Бишкектин Биринчи Май, Свердлов жана Ленин райондук ички иштер бөлүмдөрүнө каршы доо арыз берди. Арызда милиция кызматкерлери талап-тоноолордун алдын-алуу иштерин көргөн жок деген кине коюлуп, алардан 160 миллион сомдук каражатты айыппул катары өндүрүп берүүнү талап кылышты. Андан тышкары кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн райондук ички иштер бөлүм башчыларынан тарта Ички иштер министрлигинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылышты. Арызда ал кездеги Ички иштер министри жана вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаевдин да аты аталды.

Кеңешбек Дүйшөбаев 26-майда пресс-конференция өткөрүп, ага каршы берилген арыз саясат, тактап айтканда, анын президенттикке талапкерликке аттанышы менен байланыштуу деп билдирди:

- Эки айдан бери мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Андан тышкары Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратура тарабынан 100дөн ашуун кылмыш иши козголгон. Ошолордун бирөө боюнча да менин күнөөм бар экендиги такталган жок. Ошондуктан, бул шайлоо алдындагы туура эмес ар кандай оюндардын бири деп ойлойм.

Кеңешбек Дүйшөбаев мындан тышкары 24-март күнү кечки саат алтыларда ошол кездеги координациялык кеңештин төрагасы Курманбек Бакиев баштаган мүчөлөрү келип, Ички иштер министринин милдетин аткарууну Абдылда Суранчиевге тапшыргандыгын билдирип, талап-тоноолордун алдын-алууга министрликтин ошол учурдагы жаңы жетекчилиги жооптуу болчу деп белгиледи:

- Ак үй алынып, бийлик өзгөрүлгөндөн кийин кечинде саат 18де, Курманбек Бакиев Ички иштер министрлигине өзү келип, жаңы министрлер деп генерал Абдылда Суранчиев менен мурунку депутат Алымбай Султановду көрсөтүптүр. Ал эми талоончулуктун баары кечки саат тогуздан кийин башталган. Ошондуктан, ал кишилер эмне болгондугу боюнча туура көрсөтмө берип, туура баа берет болуш керек деп ойлойм.

Ал эми Ички иштер министринин милдетин аткаруучунун азыркы орун басары Абдылда Суранчиев 24-25-марттагы талап-тоноолор ошол кездеги министр Кеңешбек Дүйшөбаевдин жоопкерчиликсиздигинен кеткендигин билдирди:

- Дүйшөбаев тополоңдун баарын жасап, жумуштан баарыбызды- министрдин орун басарларын жана башкарма башчыларынын баарын алып туруп, анан өзү качып кеткен. Мен иштен алынып, эки күндөн бери үйдө жүргөн болчумун. Революция болгондон кийин Бакиев өзү чакырды. Бакиев телефон чалгандан кийин мен келдим. Келип болгон милициялардын баарын чогултуп, ишке кириштик. Ал күнү милициянын баары таяк жегенден кийин качып кетишкен болчу. Дүйшөбаев кетип калгандан кийин борбордун ички иштер башкармасынын полку ишке чыккан жок.

Экс-Ички иштер министр Кеңешбек Дүйшөбаев болсо сотко берген арызын кайрып алууга жана эл алдында кечирим суроого соода кызматкерлеринин профсоюзун чакырды. Эгер бул талап аткарылбаса абийир, ар намысын басмырлаганы үчүн 158 миллион 140 миң 843 сом айыппул талап кылаарын билдирди.

Соода кызматкерлеринин профсоюзунун юристи Александр Типеров болсо арызды эч качан кайрып алышпасын жана өз милдетин аткарбаган министрлик жетекчилерин жоопко тарттыруу сыймык экендигин билдирди:

-Биз ушундай арыз берүү Кыргызстанда абийир менен ар намысты коргоонун белгиси деп эсептейбиз. Анткени, Дүйшөбаев мырза өзүнүн кызмат ордун таштап Кеминге качып барып, ал жерде митинг өткөрүп жүргөн.

XS
SM
MD
LG